Кыргызстандын калкы жакында 7 миллион болот. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Анда айтылгандай, өлкөнүн жалпы калкынын санын аныктоо боюнча иштердин жыйынтыгында, ушул жылы Кыргызстандын эли 7 миллион болоору аныкталган. 2022-жылдын 1-августунда туруктуу калктын саны 6 миллион 977 миңге жеткен, а 1-октябрга карата бул көрсөткүч 6 миллион 995ти түзгөн.
Улуттук статистикалык комитет өлкөнүн 7 миллионунчу тургунунун болжолдуу туулган күнүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги берген ыкчам маалыматтарды пайдаланып эсептеп баштады. Эсептөөлөргө караганда, бул маанилүү окуя үстүбүздөгү жылдын 20-октябрына чейин болушу керек.
Эске салсак, Кыргызстандын 4-миллиончу тургуну Каныкей 1985-жылы төрөлгөн. Ал эми 6-миллиончу тургуну - Тынчтыкбек жарык дүйнөгө 2002-жылы келген. Ал эми 6-миллиончу Кожошева Айлин 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында төрөлгөн.