Кечээ, 11-октябрда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова иш сапары менен Ош шаарына келди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында министр Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарына барып, медицина кызматкерлери менен жолугушуп, алардын иштөө шарттары менен таанышты.
Аталган Ош облустар аралык бириккен клиникалык аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн бейтаптары жана медицина кызматкерлери которулган.
Жакынкы мезгилде мында лаборатория, параклиника, кир жуучу жай, тамактануу пункту, кампа, амбулаториялык диагностикалык бөлүм ачуу, ошондой эле жаңы имаратка жылытуу жана желдетүү системаларын орнотуу пландаштырылууда. Ошондой эле, мекеменин статусун өзгөртүү маселеси да талкууланды.
Андан ары С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун түштүк филиалынын жана шаардык перинаталдык борбордун кошумча имараттарын ээлеген “Клиника Ош” медициналык клиникасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда аталган имараттарга Ош шаардык ооруканасынын кардиология жана терапия бөлүмдөрүн, жаңы төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүн убактылуу жайгаштыруу маселеси каралууда.
Андан соң мурдагы шаардык оорукананын аймагында жайгашкан соттук-медициналык экспертиза борборуна да барышты.
Талкууланган маселелер министр тарабынан кеңири каралып, андан соң чечим кабыл алынат.