Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Нью-Йорк шаарында 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлоодо Кыргызстан уюмга мүчө болгон 126 мамлекеттин колдоосуна ээ болду.

Азиялык топтун ичинен 2023-2025-жылдар үчүн БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын төрт оруну үчүн алты өлкө - Кыргыз Республикасы, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея Республикасы күрөштү.

Кыргыз Республикасынын мындай беделдүү эл аралык органга кезектеги шайлоосу – бул өлкөнүн адам укуктарын коргоо жаатындагы жетишкендиктерин жана анын адам укуктарын, негизги эркиндиктерин жана демократиялык өнүгүүсүн коргоо жана илгерилетүү боюнча дүйнөлүк кампанияга келечектеги салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таануу.