1.Европанын атактуу агартуучулары жана төңкөрүш жасаган большевиктер утописттер беле?

Дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүү тарыхы бизге көп нерсени далилдеп берди. Адамзат балдары экономикалык жактан гүлдөп өнүксөк, илим-техниканы дүркүрөтүп өстүрсөк, революцияларды жасап, жаңы өндүрүштүк-экономикалык негиздерди жаратсак, түзсөк, анан мунун натыйжасында нраваларыбыз, адеп-ыймандык нарк-насилибиз өзүнөн өзү жакшырат, рух дүйнөбүз автоматтык түрдө жаңы тепкичке өркүндөп чыгат деп ишенгенбиз. Эстейличи, айрыкча бул жагынан кечөөкү европалык Агартуу доорунун өкүлдөрү оптимист эмес беле. Француз агартуучулары адам баласын билимдүү кылып, агартып-көгөртсөк, акыл-эсин илим менен сугарып, көзүн ачсак, адамзат коому апакай адеп-ахлакка ээ болуп чыга келет деп кыялданышты эле го. Ал эми коммунисттик большевиктер социалистик коом адамдын табиятын өзгөтүп, аны периштеге айлантат деп ишенишпеди беле.

2. Техникалык-экономикалык прогресс менен кошо адептик-ыймандык прогресс болуп өттүбү?

Мынакей, жер үстүндөгү адамзаттын алга өскөн мамлекеттери а түгүл постиндустриалдык коомду курду, илим ме­нен техниканын “колу” космоско жетип жатат, нечендеген революциялар, төңкөрүштөр жасалды, бирок булардын натыйжасында адам баласынын адеп-ыйманы жакшырып өркүндөдүбү, илимий-техникалык алгалоо, экономикалык алгалоо менен кошо киши пендесинин жан дүйнө адеп-ахлагында аруулануу болуп өттүбү, алтын адеп жаралдыбы, көрпенде нурпендеге айландыбы, адамзат экономикалык прогресс менен кошо ыймандык прогресске жетише алдыбы?

3. Адамдан адам жоголуп баратабы?

Бүгүн кандай натыйжаны көрүп турабыз, туугандар?

Ыйык жер энебиздин экологиясы болуп көрбөгөндөй бузулуп, бүгүн адамзат табият кыяматынын чегине жакындап келип калды. Жер жүзүн каптаган ыймандык кунарсыздыкты, руханий бүлүнүүнү, адеп-ахлактын эсеп-кысапташышын, адамдагы адамдын жоголуп бараткандыгын азыр биз моюндабай коё албайбыз. Ооба, жанагинтип, Адам билимдүү болсо, ал жакшырат дегенбиз. А биз бүгүн айланабыздан билимдүү маңкурттарды, жогорку маалыматтуу жалданма киши өлтүргүчтөрдү, илим-билимдүү коррупционерлерди жала ыймансыз даражалуу ачкөздөрдү, дипломдуу киши тоногучтарды кадам сайын кездештирип отурабыз. Мындан кандай жыйынтык чыгат? Демек, экономикалык прогресс, технологиялык өркүндөө, илимдүүлүк, маалыматтуулук ыйман маселесин, эзелтен бери келаткан “Канткенде адам уулу адам болот?”- деген маселени өзүнөн өзү чече койбойт экен.

4. Адамзат ойчуларынын жаңы бүтүмү

Мына ушундай жагдайдан улам дүйнөлүк акылмандар азыркы кезде экономикалык-технологиялык өркүндөө түпкү маңыз эмес экендигин, экономика, техника деген адам баласынын адам деген бийик атка татыктуу, маңыздуу жашоосунун каражаты, аспабы гана экендигин, түпкү маңыз, адам пендесинин абийир, ыйман, адеп, рух жагынан өркүндөп өсүшүндө экендигин, цивилизациянын, экономикалык-техникалык өнүгүүнүн баа-баркы кишинин жан дүйнө маданиятынын өркүндөө даражасы менен өлчөнүшү, ченелиши керектигин айтып, 20-кылым атом кылымы болсо, 21-кылым - адамдын, анын адамдык касиеттери менен сапаттарын өнүктүрүүнүн кылымы, адеп-ахлактын жана маданияттын кылымы болуга тийиш, сандык өсүштөн сапаттык өсүшкө өтүшүбүз керек деп сүйлөп турушат. Мен муну эң туура көз караш деп эсептейм. Адамдын бузулушуна, анын ыймандык дүйнөсүнүн кыйрашына сүрөө болуп, өбөлгө түзгөн прогресс, чын эле прогресспи? Эмне үчүн акын Евтушенко моминтип күйүп-бышып жатат: “Все прогрессы реакционны - если рушится человек”. Прогресс деген адамдын адам катары өнүгүшү, анын рухий-моралдык өркүндөшү менен коштолушу керек. Ошондо гана анын маңызы болмок.

5. Өткөн доорлордун нарк-насилинен таяныч издөө же илгерки ата-бабаларынан алыстап кеткен Батыш

өнүгүүнүн бир жактуулугун сезген адамзат коомунун азыркы акыл-эси бүгүнкү адам кандай болуш керек, анын адептик-ыймандык түр-түрпөтү кандай болууга тийиш деген суроолорду алдыга коюп, бул маселени чечүү үчүн өткөн доорлордун өзөгүнөн өрнөктөрдү, илгерки ата-бабалардын рух, нарк-насил салттарынан таяныч, омок издеп табууга умтулуп жатат. Бирок, бул жерде бир маселе бар. Айтайын дегеним, буржуазиялык, капиталисттик өнүгүүнүн бир нече кылымдык доорун баштан кечирген Европа менен Америка өздөрүнүн илгерки буржуазиялык өнүгүүгө чейинки ата-бабаларынын адеп-ахлак нарктарынан, руханий салттарынан эбак алыстап, аларга кайрылгыс болуп кеткен тарых катары карап калгандыгы чындык.

6. Кайдасың “алтын кылым”? Же Америка менен Европаны каптаган илдет

Ойчулдар илгерки акча-товар мамилелери пайда боло элек кездеги Европалык доорду “адеп-ахлактын алтын доору” деп эсептеп, кээси “Алтын кылымды карай артка!” деп ураан да таштап, ал эми атактуу Жан Жак Руссо буржуазиялык өнүгүү доорундагы адамдардын баюу үчүн пайда, пайда, акча, акча, байлык, бийлик деп араанын ачып акактаган алдым-жуттум жорук-жосунуна, кооз чүмбөткө жамынган эки жүздүү, жасалма жүрүм-турумуна, өзүмчүлдүгүнө жана башка илдеттерине караганда жаратылыштын кучагындагы цивилизация бузбаган мурдагы табигый, таза, жөнөкөй адеп-ахлактын кыйла эле өйдө турган артыкчылыгын туюп, аны жогору санагандыгы белгилүү.

Бүгүн ошол Жан Жак Руссо терс баалаган буржуазиялык коомдун илдеттери ого бетер күч алып, азыр социологдор “Турмушка өзүмчүлдүк, пайдакечтик, технократиялык мамиле Европа менен Америкада өзүнчө бир улуттук ооруга айлангандыгын” тынчсызданып жазып отурушат. (Албетте, ошону менен бирге ал жактын жакшы жактары да жок эмес).

7. Талып Молдонун көчмөндөрдүн нраваларына берген мүнөздөмөсү же цивилизация бузбаган адеп-ахлак

Батыштык ойчулдар жанагинтип 18-кылымда эле Европада адеп-ахлактын кунарсыздануу ахыбалына нааразы болуп жатышса, ал эми 1855-жылы Жети-Өгүздө тулуп, көчмөн цивилизацияны өз кебетесинде көрүп калган айтылуу Талып Молдо Байболот уулу 19-кылымдын I жарымындагы ак калпак журттун адеп-ахлак ал жайын мындайча мүнөздөп отурат. Эмесе, Талып Молдонун жазган мүнөздөмөсүнө ку­лак салсак. Мына, окуйлу: “Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табигый абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө, консо бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкак улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябай жоомарттыгы. Ырчыга тогуздап бергени. Сен бай, жарды дебегени. Ач көзсүздүгү. Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба деп, четтен жөө келген календер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өлгөнчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. Тили буруу болбо, Ата-бабандын тилин бузба, кийиминдин түрүн бузба деп өз улутун сактаганы. Айла-алдоо не экенин билбеген. А эгер бир кишиден, эркек же ургаачы болсун, жогорку айтылган жакшы сапаттардан бир кемчилик көрсө, баарынан жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат” (Талып Молдо. Кордолгон заманда. «Ала Тоо», 11,127- бет.).

Эми, айталы деген негизги оюбуз мындай. Феодалисттик, буржуазиялык, капиталисттик жолду басып, өстүк-өнүктүк деген көп өлкөлөр 20-кылымдын босогосун илгерки элдик, жамааттык түптүү нарктарынан айрылып, пайдакечтик, жеке баштын кызыкчылыгын туу кылган жүрүм-турум күтүп, көп жагынан адеп-ахлак бүлүнүүлөрүнө учураган абалда аттап отурушса, ал эми, биз кыргыздар ошол эле 20-кылымга илим түшүнүгү менен айтканда, буржуазиялык доорго чейинки коомдук-жамааттык түзүлүшүбүздү негизинен сактап, элдик адеп-ахлагыбыздын, уят-ыйманыбыздын, ата-баба салттарыбыздын цивилизация бузууга үлгүрбөгөн абалында, көп жагынан таза калыбында келип жеттик. Байкасак, биздин өзгөчөлүгүбүз дал ушунда.

9. Капитализмди кыйгап өтүп, бүлүнүп-бүкшүбөй, “адеп-ахлактын алтын кылымынан” чыгып келген мораль – бүгүнкү Кыргызстандын кымбат байлыгы

Капиталисттик феодализмди, буржуазиялык-капиталисттик түзүлүштөрдү кыйгап өтүп, бүлүнбөй, бүкшүбөй, өз бүтүндүгүндө аман-эсен келип жеткен, азыр да элдик кыртышыбыздын тереңинде “жүрөк кагып” турган кыргыздын ыймандуу адеп-ахлагы, рух кенчтери, коллективисттик нарк-насили, өз ара мамилелердеги гумандуу эреже-салттары таңгалычтуу феномен жана көп жагынан башка дүйнөлөргө сабак, таалим. Буга негиздер бар. Маселен, айдоого тукум сээп жатканда Баба дыйкан бизде мындай дейт: “Жылуу жердей конуш тап. Мунусу - жетим-жесирге, мунусу - алсыз карыпка, мунусу - курт-кумурскага, мунусу - сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага”. Мынакей, көптүн кызыкчылыгын көздөгөн кыргыздын асыл жамааттык, гуманисттик адеп-ахлагы. Дегеле, кыргыздын адеп-ахлактык көз карашы боюнча адамдын жашоосунун баа-баркы кишинин кандайдыр бир өзүнөн бийик турган ыйык нерсе, жогорку коомдук дөөлөт менен болгон тыгыз байланышында, бүтүндүн бөлүкчөсүмүн деп эсептеген акыл-эстүүлүгүндө жатат. Кыргыз атуулу үчүн ошондой жо­горку ыйык нерсе, бул - Ата журт, “ак элечек” Ала-Тоо, ак калпак калктын, эл-журттун, көпчүлүктүн мүдөө-кызыкчылыктары. “Калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин”,- дейт Манас атабыз. Биздин атуулдук-жарандык салтыбыздын идеалы үлүлчөсүнөн кабыгынын ичине кирип кеткен өзүмчүл эмес, коомду ийни менен тиреп, жамаатка түркүк боло билген мекенчил, айкөл атуул. “Ата баласы болсон, болбо, эл баласы бол”, “Жаман киши өз камы үчүн жүгүрөт, жакшы киши эл камы үчүн жүгүрөт”,- дейт эл макалы.

Тоолук менталитетибизде кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара кол кармашкан, жардамдашкан жамаатчылдык салты өнүккөн. Улууну сыйлоо, кичүүнү ызааттоо, ата-энени урматтоо, меймандостук, жамандык-жакшылыкта бири-бирине жөлөк-таяк болуу, ашар усулу менен үй куруу ж.б. көптөгөн нарктарыбыз не деген асыл касиеттер. Кыргызда эч убакта улуудан озунуп, эч ким төргө өтпөйт. Боз үйдүн түндүгүнө уя салган чабалейкейдин “үйү” бузулуп калат деп аяп, жайлоого көчпөй, жакада калган да кыргыз. Кыргыздын тээ илгертен бери жаратылыш менен күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышып жашап келгендиги ырас. “Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же сойлоорго буту жок, жылаан байкуш кантти экен”- деген улуу Асан кайгы кыргыздын экологиялык маданиятынын, экологиялык акылмандыгынын көрүнүшү. Ата-бабалар ким табиятка каршы барса, Кожожашчасынан аскада калып, “Буудайык” жомогундагы саятчы Төлөктөй апаатка учурарын адамзат балдарына эскертип кеткен.

Белгилүү окумуштуу, кытайлык боорлошубуз Макелик Өмүрбай кыргыз социумунун өзгөчөлүгү эмнеде деген собол коюп, ага мындайча жооп берет: “Кыргыздын түсү эмнеде? Кыргыздын түсү, кыргыздын өңү – адамгерчилик. Кыргыз адамгерчилигинин ыңгайлары: өз ара көмөктөшүү, өз ара  кайрылышуу, боорукерлик, сыйлашуу, меймандостук болгон. Кыргыз бирөө келип калса уят деп, ала каптын ичиндеги унга бир жилик этин салып, сактап койгон” (“Алиби” газетасы 29.05.2013).

Биздин кыргыз элибизде дүнүйө-мүлктөн, материалдык байлыктан рухий байлык, ыймандык дөөлөт ар качан жогору коюлуп келген. Кыргыз насилинде биринчи орунда адамдык нарк, кишилик касиет, адамкерчилик турат. Ошон үчүн акын: “Карайлычы, кечөөкү өткөн бабама, жашай билген жетип өмүр баркына, атаң көрү, бу опосуз дүйнө деп, кызыкпаган акча менен алтынга, кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа, бекем турган адамчылык шартына” деп туура ырдап, мүнөздөп жатат.

Биз жана өйдө жакта дүйнөлүк даанышмандар бүгүн адамзат коомунун мындан аркы өнүгүшүнүн маңызы жана чен-өлчөмү ыйман-абийирдин, рухтун, жандилдин өркүндөшүндө, адамдын адамдык касиеттеринин гүлдөп өсүшүндө деген бүтүмгө токтоп турушкандыгы жөнүндө айттык. Андай болсо кыргыз акылмандыгы илгертен эле ушундай философиянын нугунда ойлонуп келген дегибиз келет. Демек, кыргыз баласынын руханий-гуманисттик ойлонуу ыгы жана адептик-ыймандык жашоо таризи бүгүнкү технократиялык дүйнө үчүн көп жагынан үлгү болууга татыктуу деп дагы бир жолу айтып өткүм келет. (Албетте, минтип айтуу менталитетибизде кемчиликтер жок дегенди билдирбейт. Бул жерде оң, жаркын жактарыбызга басым коюлуп жатат).

10. Бизге батыштын адеп-ахлак инвестициясынын кажаты жок

Биз батыш менен чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүнөн, албетте экономикалык инвестицияларды, технологиялык жаңылыктарды алабыз. Бирок, ыйман, адеп, рух маселесине келгенде бизге мындайча айтканда, чет өлкөлүк адеп-ахлак инвестициясынын кереги деле жок. Бул жагынан өзүбүздө улуттук көрөңгө-казына толтура. Бир гана ушул казына-байлыгыбызды аңдап түшүнүүбүз жана өздөштүрө, пайдалана билишибиз керек.

11. Тарыхтын бороондуу жолдорунда жаралып, кыргызды сактаган - АДЕП

Кыргыз эли мына ушундай кайталангыс руханий, адеп-ыймандык жана материалдык маданиятын өзүнүн миңдеген жылдык узак тарыхында дүйнөнүн ой-чуңкурун көрүп, Азиянын бороон-чапкындуу мейкиндеринде, жашоо үчүн каарман күрөштүн жолдорунда азап-тозокту, ысык-суукту, ачуу-таттууну баштан кечирген татаал жана эн, бай өмүр тажрыйбасынан жууруп жараткан. Дагы бир жолу айталы, та­рыхый тажрыйбасына таянып, миң жылдап иштеп чыгып, туу катары карманып, өзөгүндө сары майдай сактап, медер туткан жогорудагыдай ыйык дөөлөттөрү, идеялары болгону үчүн кыргыз калкы тарыхтын бурганактуу булуң-буйткаларында жоголуп кетпей, тагдырдын катаал сыноолоруна туруштук берип, элдигин сактап, 20-кылымга жеткен.

Коомдук өнүгүүнүн сапаттык көрсөткүчү техникалык жетишкендиктер менен эмес (албетте, бул да керек), инсандын жан дүйнө маданиятынын жана адеп-ахлак сапаттарынын өскөн даражасы менен мүнөздөлөт. Бул жагынан биздин кыргыз жамаатынын адептик-ыймандык деңгээли кыйла бийиктикте тургандыгы айкын болуп отурат.

12. Дүйнөдөгү бүгүнкү технократиялык, прагматикалык мораль менен параллель жашап жаткан Манас Атанын руханияты

Жанараак айтылгандай, бүгүнкү күндө капиталистик-рыноктук, акча-товар мамилелеринин шартында адамзаттын авангарды деп аталган кыйла өлкөлөр тилекке каршы, жеке менчик психологиянын чыргасына тутулуп, жамаатчыл, коомчул, көпчүлүкчүл агыл-төгүл менталитеттен улам алыстап, жеке кызыкчылыкты туу кылып, индивидуализимдин жана технократизмдин кучагына улам күчтүрөөк жутулуп жатса, биздин Ала-Тообузда тилекке жараша жогорудагы Баба дыйкандын жана Манас атанын руханияты али жалыны өчпөй, “жүрөк кагып” турат. Манастын бүгүнкү бир чүрпөсү-мектеп окуучусу социологиялык сурамжылоого берген жообунда минтип жазат: “Мен бай болуп,  кедей-кембагалдарга жардам берүүнү каалар элем” (“Кутбилим”, 13.12.08), "Кыргыз Туусу" газетасы америкада жашаган кыргыз мигранттары жөнүндө минтип жазат: “Негизгиси бул жактагы боордошторубуздун ынтымагына ыраазы болуп ынандым. Бири бирин ээрчитишип, үйрөүшүп, чогуу-чараан иш кылышат экен. Улуулары баш-көз болуп. үлгү көрсөтүп, ынтымакта жашап жатышкандыгын көрдүм. Албетте, ар ким иш менен алек. Ыйык Рамазан айында ыйман, ынтымак, сабыр тилеп, бирин-бирин ооз ачаарга чакырышып, жакшылыктарын тең бөлүшүп, ортолорундагы ынтымакты бекемдеп жатышты” ("Кыргыз Туусу", 13.05.2022.) Мына ушинтип, кыргыздын жамаатчыл менталитети бүгүн Америкада да өзүн көрсөтүп жатат. Коллективизм кыргыздын канында бар.

13. Кайрымсыз индивидуализмдин, массалык маданияттын "вирустарына" каршы уюшуунун жана улуттук руханиятыбызды коргоо, сактоо үчүн күжүрмөн күрөштүн зарылдыгы

Бирок да, анткен менен тилекке каршы, буга чейин цивилизация али бузууга үлгүрбөгөн биздин дал ушундай руханий маданиятыбызды Ала-Тообузга капыстан жыландай сойлоп кирип келген капиталисттик акча-товар мамилелери жана массалык маданияттын “вирустары” түбүнөн жемире баштады.

Бирок биз мындайча ойлонуп турабыз. Рыноктун катаал шартында биз кыргыздар өзүбүздүн менталитетибиздеги жогорудагыдай артыкчылык касиеттерибизди аңдап сезип, ата бабабыздан келаткан адамгерчиликтүү адеп-ахлак наркыбызды этияттап сактап, коргоп, өнүктүрүп, чет жактын прагматикалык, коммерциялык нравасын туурабай, ээрчибей, массалык маданияттын ар кандайтерс таасирлерине улуттук акыл-эстин тосмолорун коё билип, стихиянын бийлигине моюн бербей, рух турмушубузду аң сезимдүүлук менен уюштуруп, муундарыбыз үчүн улуттук платформага негизделген өзүнчө бир тарбия системасын түзүп, күрөш менен жашасак, жан дүйнө экологиябыз бузулбай, алга барар белек. Базар мамилелеринин заманында жалпы шар менен ойлонбой томолонуп кете бербей, агымга каршы сүзүп, көрсөткөн көмөгү үчүн бир тууган бир туугандан сатуулашып акча албаганга аң сезимдүү түрдө умтулуп, жан дүйнөбүздү “сөксөөл” кылып, куу чегедектей кууратып албай, кыргыздык наркыбыз менен калууну ар бир кыргыз мүдөө тутуп, өмүр сүрсөк, өз алдыбызча улуттук жүзүбүздү сактап калбайт белек. Эгерде биз капитализмдин, рынок коомунун жолуна түштүк деп эсептесек, анда Ала-Тоодо адамдык, адептик-ыймандык жүзү бар (капитализм с человеческим лицом), гуманисттик, маданий наркы терең коомду курууга милдетүүбүз.

Дагы бир бир жолу айталы, коомду коом катары сактай турган нерсе бул - адеп-ахлак. Кылымдарды карытып, ил­гертен келе жаткан түптүү заң-эрежелер, адеп-ахлак мыйзамдары адамдар тарабынан сакталбай бузула турган болсо, улуу акындарыбыз Калыгул менен Арстанбек айтып, эскерткендей: урматы кетип, уул уул болбой калганда, уяты кетип, ата ата болбой калганда, сөөлөтү кетип, кемпир кемпир болбой калганда, кымбаты кетип, кыз кыз болбой калганда, салт салт болбой калганда, ата журтубуздан кут кетип, талаабыз такыр болуп, тообуз токол болуп “акыр заманга” туш болоорубузду унутпайлы.

Советбек Байгазиев, Булак: “Майдан. kg” гезити