31-августта Кыргызстанда мамлекеттик көз карандысыздыктын 31 жылдыгы белгиленди. Бул жылдар ар кандай окуяларга бай болду – өлкөдө оош-кыйыштар орун алды, кыйынчылыктар менен бирге элге жаркын үмүт, ишеним берген  ийгиликтер болду. Андай ийгиликтердин бири катары өлкөдөгү тоо-кен тармагынын жандануусун айтууга болот. Тармактын жандануусу жаңы технологиялардын, миңдеген жумушчу орундардын пайда болуусун шарттады. “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясынын да салымы бар, компания кыска убакыттын ичинде өлкөнүн түштүгүнө “Бозумчак” ТБКсын куруп, ишке киргизүүгө жетишти. Бүгүнкү күндө “Бозумчак” ТБКсы – Кыргызстандын улуттук тоо-кен өнөр жайынын флагманына айланып, аймактын эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө сөз салымын кошууда.

“КАЗ Минералз Бозымчак” - ак ниет жана үлгүлүү инвестордун мисалы

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда ишке ашырылып келаткан Бозумчак долбоору эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ийгиликтүү долбоорлордун бири болуп саналат. “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы  өлкө түштүгүндө тээ 2007-жылдан бери туруктуу иштеп, улуттук экономиканы чыңдоого бараандуу салымын кошуп келүүдө.  Бул жылдар аралыгында компания Кыргыз Республикасынын бюджетине салык жана башка төлөмдөр түрүндө жалпы 8,5 млрд. сом которуп, жалпы баасы 15 млн. долларлык жүздөгөн социалдык долбоорлорду ишке ашырды. Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын, анын ичинде экология жана айлана-чөйрө боюнча мыйзамдарын бекем сактап иш алып барат. Эксперттердин айтымдарында, Бозумчак  экологиялык пландан алганда, эң коопсуз долбоорлордун бири болуп саналат, анткени, компания өндүрүштө тобокелдиктерди минималдуу азайткан заманбап технологияларды колдонот. “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы жергиликтүү коомчулук менен достук байланышты ийгиликтүү  жөнгө салуу менен  биздин өлкөдө иштеп жаткан башка тоо-кен компанияларына үлгү болуп келүүдө.

2015-жылдын 1-августунда ишке киргизилген “Бозумчак” ТБКда бүгүнкү күндө миңге жакын адам иштейт, алардын 97 %ы Кыргыз Республикасынын жарандары. Комбинатта иштегендердин 45 %ы   Көк-Таш жана Көк-Серек айылдарынын жашоочулары болсо, жалпысынан Жалал-Абад облусунан тургундары жумушчулардын 69 %ын түзөт. Белгилей кетсек, компаниянын Башкы директору И. В. Тулекеевдин буйругуна ылайык, жумушка алууда жергиликтүү жашоочуларга артыкчылык берилет. Мындан сырткары, компания жергиликтүүлөрдөн жогорку квалификациялуу кадрларды чыгаруу максатында өз эсебинен Бишкектеги профилдик окуу жайларына окутуп келет. Алар негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. Бүгүнкү күнгө карата жогорку окуу жайларында 13 студент билим алууда. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү айылдарына барышып, “Бозумчак” ТБКда иштешүүдө. Булардын сырткары, Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы №21 кесиптик-техникалык лицейдеги компания тарабынан ачылган окуу борборунда жумушчу адистер даярдалат.  Жергиликтүү кадрларды даярдап, аларды жумушка орноштуруу менен компания мамлекетке курч көйгөйлөрдү чечүүгө колкабыш кылып келатат десек болот.

 

Бардык чакырыктардан жана сыноолордон ийгиликтүү өтүп...

Компания коронавирус пандемиясынан улам жаралган сыноону татыктуу баштан өткөрдү. Өлкө боюнча чукул кырдаал киргизилгенде башка компаниялар аргасыздан ишин токтотуп, кызматкерлерин кыскартууга, убактылуу эс алууга жөнөткөн шарттарда “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы  өндүрүштү бир күн да токтотпой, комбинат кадимкидей иштеп, жумушчулар айлык акыларын үзгүлтүксүз алып турушту. Компаниянын жетекчилиги тарабынан вирустун комбинаттын аймагына жайылуусуна жол бербөө максатында катуу чаралар көрүлдү. Башкы директор И.В.Тулекеевдин жетекчилиги менен оперативдүү штаб түзүлүп, ал күнү-түнү иштеп, эң зарыл чечимдерди өз маалында, ыкчам түрдө кабыл алып турду.

“КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы 2020-жылдын октябрындагы окуялардан улам жаралган олуттуу сыноодон да  татыктуу өтө алды. Компаниянын Бозумчак кениндеги мүлкү ишкана жетекчилигинин, жергиликтүү бийликтердин жана компаниянын ролу жана маанисин туура түшүнгөн жергиликтүү тургундардын күч аракети менен талоонго да, талканууга да учураган жок. Ошол калабалуу күндөрдө кенге ошондо КРнын Президентин милдетин аткаруучу катары иштеп жаткан учурдагы Президент С.Жапаров да атайын келип, жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүп, анда компаниянын ишине тоскоолдук жаратпоону суранып кеткен.

Бирок жаман айтпай жакшы жок. 2020-жылдын октябрындагы окуялар жергиликтүү калк үчүн да, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдары үчүн да, компания үчүн да чоң сабак болуп калды жана эң башкысы - ак ниет инвесторго карата элдин көз карашын кыйла өзгөрттү.

“КАЗ Минералз Бозумчак” - жергиликтүү элдин ишенимдүү өнөктөшү жана таянычы

Компания иштей баштагандан бери жергиликтүү элдин ага болгон мамилеси кескин өзгөрдү. Эл компаниянын пайда гана алып келип, айылдардын өнүгүүсүнө оң таасир этерин билишип, аны ишенимдүү таяныч катары көрүп калышты. Компаниянын ишмердигинин аркасында айылдык жашоочулардын турмуш шарттары эселеп жакшырды. Биринчиден, көпчүлүк эл ТБКда иштешип, туруктуу маяна алышат, экинчиден, компания социалдык өнөктөштүк боюнча түзүлгөн Меморандумдун негизинде эки айылдык аймакка дайыма жардам берип келет. Жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр менен иштешип, айылдык ишкерликтин өнүгүүсүнө да шарт түзүүдө. Мында белгилей кетчү бир нерсе, эки айылдык аймактын жашоочулары төлөөгө жөндөмдүү категорияга киришип, Ала-Бука районундагы бардык банктардын филиалдарынан ишкерлик үчүн кыйынчылыксыз насыяларды ала алышат.

Социолог-аналитиктердин пикирлери боюнча, Ала-Бука району бүгүнкү күндө өлкөдөгү  эң динамикалуу өнүгүп жаткан аймак болуп саналат. Мындай фактордун себеби, райондун аймагында тоо кен компаниялары ийгиликтүү иштешип, алар райондун өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүүдө. Мисалга алсак, бул жерде түзүлгөн өнүктүрүү Фондунун эсебине түшүрүлгөн жалпы каражаттын  сезилерлик бөлүгү “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясынын үлүшүнө туура келет. Ири жана ийгиликтүү салык төлөөчү катары Фондго аз эмес суммада каражат которуп турат.

Бүгүнкү күндө “Бозумчак” ТБКсы жаңы технологиялар жаатында тажрыйба алмашуучу аянтчага айланды. Бул жерге  ар кайсы мекемелердин, түзүмдөрдүн, ишканалардын өкүлдөрү бат баттан келип турушат. Алардын арасында  окуу жайдын бүтүрүүчүсүнөн тартып өлкө башчыларына чейин бар. “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясынын иши менен таанышкандан кийин И.В. Тулекеевдин жетекчилигиндеги ынтымактуу команданын ишине эң жогорку бааларын беришет.

Компания учурда  алдында турган милдеттерди чечип, өзүнүн ийгиликтери, жетишкендиктери менен өлкөнүн тоо-кен тармагынын тарыхына из калтырып, жаңы барактарды ачып, алдыга ишенимдүү кадам таштоодо.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити