- Ош тополоңунда Оштун губернатору, Ош шаарынын мэри өзүнө келип, эсин жыйнаганча, элди уюштуруп, жигиттерге туура жол көрсөтүп, карайлаган элге калкан болгон үч азаматыбыз Ташиев, Жапаров, Келдибековдун баатырлык кадамдарын айтып, элге так маалымат жеткирүү баарыбыздын милдетибиз!

Ташиевдин демилгеси менен 30 жылдап чечилбей келген чек ара маселелери чечилүүдө. Эң башкысы күч түзүмдөрүн күчтөндүрүү реформалары жүрүп, душмандар кол салганда аларды атууга араң бештен ок туура келген жоокерлерибиз күчтүү жана ок-дарылуу армия болууга жетишти! 30 жылдан бери эч ким даай албаган коррупция менен күрөшүүсү, жемкорлорду кустуруп, миллиондорду мамлекетибиздин өнүгүүсүнө кошкондугунун өзү эле баатырдык десек болот! Алган сыйлыгына татыктуу деп ойлоймун. Сыйлыгың кут болсун, иним.

Булак: “Майдан. kg” гезити