Акыркы учурда коомчулукта үрөй учурган окуялар көп кездешүүдө. Айрыкча, эрезеге жете элек кыздарды зордуктоо фактылары арбын. Жакында эле Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз зордукчулардын курмандыгы болду. Мындай коркунучтуу кылмышты токтотуу керек? Ушул суроо менен Кыргыз улуттук Манас театрынын төкмө акыны  Максат Кулуевге кайрылдык.

- Кадамжайдагы окуя каңырыкты түтөттү... Эмне эле болуп баратат ушул коом. Периште жаш окуучу кызыбыздын кудайдан бир берилген өмүрүн уурдап алган акмактарга, жалпы буга чейинки ушундай азапка салган мыкаачыларга кандай чара көрөбүз өкмөт?  Илгери кыргыз жоо чапканда да, душманынын да кызына тийген эмес, тескерисинче асырап багып, кийин бой жеткенде баласына же тууганына үйлөнтүп койгон. Ата жолунан чыгып бараткан коомдо жашап атабыз, өкүнүчтүү. Ак кушум периште карындашым ай... Жараткан Аллах мээримине алсын.

Булак: “Майдан. kg” гезити