Бүгүн Ош шаарынын айрым тургундары жана "Улуу Журт" партиясынын жетекчиси Мирлан Орозбаев Ош шаарында "Азаттык" радиосунун бюросу ачылышына каршы пикирин билдирген маалымат жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.
Анда айтылгандай, катышуучулар бул бюронун кызматкерлери Ошто туруп коңшу өлкөлөр тууралуу жазып, ал Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон мамилесине кесепетин тийгизиши мүмкүндүгүн белгилешкен.
"Азаттык" радиосу иштей берсин, ага каршылыгыбыз жок. Учурда Бишкекте өкүлчүлүгү бар. Бирок дагы бир офисин ачып, штат алаарын уккандан кийин жарандык укугубуздан пайдаланып, каршылыгыбызды билдирип чыктык. Эгер бюро ачылса, кыргыз, өзбек жана тажик тилдеринде жазышат. Башка өлкөдөн каржыланган сайт биздин ички маселебизди күчөтүп, акыбалыбызды оордотуп жибербейби?
"Азаттыктын" кызматкерлери бизге ачууланбагыла. Силер мыкты иштейсиңер", - деген катышуучулар.