Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнөн кийин 2010-жылдагы Июнь окуясынын күбөлөрү, катышуучулары өз чындыктарын айтып жатышат. Алардын бири ошол убакта Убактылуу өкмөттүк түштүктөгү координатору болгон Азимбек Бекназаровдун кандуу окуядагы кылган-эткенин айтып берди:

"Бекназаровдун сөзүн угуп, 2010-жылдагы окуяга катышкан адам катары билгенимди айтайын дедим. Бул кишинин машинадан өтүп баратканын, чет жакта жүргөнүн көрүп калчубуз. Бир да жолу элдин алдына чыгып сүйлөп, коогалаңды токтотууга аракет жасаган жок. Көгартта, Сузакта, Барпыда, Санпада 20-30 миң эл чогулган кезде, эки улутту бөлбөй, улам бирине чуркап, көпүрө болуп, кан төгүлбөсүн деген Камчыбек Ташиевди гана көрдүк. Ал болбогондо өлүм мындан да көп болмок. Канча деген күнөөсүз адамдар: аксакалдар, кыздар, балдар өлүп кетти. Эми иштен алып койсо, билип-билбей сүйлөгөнү туура эмес. Бул көралбастык.

Ачык айтыш керек, Камчыбек Ташиевдин эмгеги чоң. Бизди, өзбек туугандарды токтотуп, "Айланайын элим, кан төгүлбөсүн", - деген ушул киши. Ал эми Бекназаровдун караанын да көргөн жокпуз. Ташиев Эл баатыры наамына татыктуу. Көзү тирүүсүндө алганы жакшы болду. Бекназаров эл алдына келсин, чындыкты бизден уксун!"