Печать
Категория: Коом
Просмотров: 379

Акыркы учурда коомчулукта үрөй учурган окуялар көп кездешүүдө. Айрыкча, эрезеге жете элек кыздарды зордуктоо фактылары арбын. Жакында эле Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз зордукчулардын курмандыгы болду. Мындай коркунучтуу кылмышты токтотуу керек? Ушул суроо менен мурдагы акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылдык.

- Албетте мындай кылмышка баргандардын мыйзам чегинде катуу жазасын бериш керек. Кыргыз коомчулугу көп мезгилден бери өлүм жазасын кайра кабыл алганды талап кылууда. Бирок, кыргыз өкмөтү 1994-жылы жарандык  жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактка кол коюп, Жогорку Кеңеш 2010-жылы ратификациядан өткөргөн. Буга жараша Кыргыз Республикасы өлүм жазасынан баш тарткан. Бул эл аралык пакттан чыгуу үчүн өкмөт койгон колун жокко чыгарып, Жогорку Кеңеш денонсацияга барыш керек. Бул жол татаал жана эл аралык деңгээлде мамлекеттин аброюна шек келтириши мүмкүн. Бирок маселени чечсе болот.

Эң орчундуусу, бул биздин Конституцияда жазылып калган – “өлүм жазасына жол берилбейт” деп. Ушуларга карабастан биздин Кылмыш-жаза кодексте тийешелүү берене боюнча мындай кылмышка баргандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Демек тергөө органдарына жана сот инстанцияларына мыйзам чегинде өмүр бою эркинен ажыратуу чечим кабыл алганга жол берилет.

Кылмыш-жаза кодекстин 154- жана 155-беренелерде көрсөтүлгөн жаш өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук колдонгондо 15 жыл же өмүр бою эркинен ажыратуу колдонулат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити