Акыркы учурда коомчулукта үрөй учурган окуялар көп кездешүүдө. Айрыкча, эрезеге жете элек кыздарды зордуктоо фактылары арбын. Жакында эле Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз зордукчулардын курмандыгы болду. Мындай коркунучтуу кылмышты токтотуу керек? Ушул суроо менен экс-депутат Эсенгул Исаковго кайрылдык.
- Илгери Союз убагында тарбия таалим күчтүү, мыйзамдар да катуу болгондуктан мындай үйрөйдү учурган окуялар Кыргызстанда эмес, Cоюздун аймагында сейрек кездешип, эл укканына шок болчу.
Ал эми биз эгемендүү мамлекетибизде жашагандан бери жылдан жылга мыкаачылык, зордук зомбулук күч алууда. Бул коомго жакпаган жат көрүнүштүн күчөшү албетте тишелүү мыйзамдарыбыздын жамандыгы, начарлыгы десем жаңылышпайм. Демократия принциптерин туура эмес түшүнүп, "өзүм билгенди кылам" дегендер көбөйдү, мында өзгөчө жаштар орун алууда.
Эзелтен кайсы мамлекетте мыйзамдар катуу жоопкерчиликти камтыса- ошол мамлекет тез өнүккөн. Адам өлтүрүү, зордуктоо боюнча өлүм жазасы бар мамлекетте андай жат көрүнүш жокко эсе экенин турмуш далилдеп келүүдө.
Демек Кыргызстанда мыкаачылык менен атайын өлтүрүү жана педофилдер, группа менен зордуктоо кылгандарга өлүм жазасын киргизүү учурдун талабы.
Булак: “Майдан. kg” гезити