Аксакалдар жана жаштар Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги кызматынан бошотулгандан кийинки билдирүүлөрүнө жооп беришти. Аны менен катар Июнь окуясынын күбөлөрү Бекназаров баш болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн 12 жыл мурда түштүк тарапка кызыл кыргын салганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептешет:
"Азимбек Бекназаровду ущул даражага жеткирген, төргө отургузган эл. Аны көтөрө албады. Башпрокурор болуп турган чагында Аксы окуясын иликтеп, айыптууларды таап чыга албады. "Эшектин тушоосун да чечпеди". Бирөөлөргө сын айтаардан мурда өзүн караса болмок: мен эмне кылдым, булар эмне кылып атышат деп. Мен Азимбектин өзүнө кайрылгым келет: сен элдин мээнетин актаган жоксуң! Төргө татыктуу адам эмессиң! Сага кайран даража! Сен бүгүнкү күндө бузукулардын, уурулардын, эл душманынын символусуң! Мен ушинтип айтам. Эгерде Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү таап, жазалаганыңда кадырың сакталып калмак.
2010-жылдагы Ош окуясында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары эч нерсе аткарбадың. Тескерисинче, Кадыржанды качырдың, ячейкаларды тонодуң. Сен - саясий өлүксүң! Төр жарашпадыбы, эми көр жарашат. Мен сенден үмүтүмдүз үздүм! Сага күйөрман болуп жүргөнүмө өкүнөм!
Ал эми президенттен, УКМК төрагасынан жана башпрокурордон 2010-жылдагы тополоңду иликтеп, күнөөкөлөрдү таап жазалоону Кыргызстандын жараны катары талап кылам!"