Акыркы учурда коомчулукта үрөй учурган окуялар көп кездешүүдө. Айрыкча, эрезеге жете элек кыздарды зордуктоо фактылары арбын. Жакында эле Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз зордукчулардын курмандыгы болду. Мындай коркунучтуу кылмышты токтотуу керек? Ушул суроо менен ЖК депутаты Каныбек Иманалиевге кайрылдык.
- Маселе өтө олуттуу. Бирок бизде туугандары астына кечирим сурап, акча берип койсо эле көбүнчө жарашып алып, кээде кылмышкер таптакыр кутулуп кетип жатат. Биринчиден, зордуктоо боюнча түрмөгө кесилгендерге амнистия болбош керек. Экинчиден, зордуктоо боюнча кармалгандар эң кеминде 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралып, ал эми туугандары тосмо арыз менен кайрылган болсо ал жазадан биротоло кутултпайт, жөн гана мөөнөтүн азайтууга түрткү болот, ошондо ал оор кылмышы үчүн эң кеминде 7 жылдан 15 жылга чейин жазалоо каралса, балким, кылмыштын бул түрү азайтууга болор эле. Башкача айтканда, зордукчу сөзсүз жазалана турган жаза системасын киргизүү керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити