Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу, өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтирип жаткан факторлорго жана шарттарга бөгөт коюу боюнча иштер улантылып жатат. Анын алкагында, 9-сентябрда райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча аскердик билеттерди берүүдө системалуу мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурууга шектелип жатат. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Кармалган кызматкер адам КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.
Учурда КР УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген иштерге тиешеси бар, КР Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке катышын
аныктоо боюнча тийиштүү атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.