Аксакалдар жана жаштар Азимбек Бекназаровго видео кайрылуу жолдошту. Видео соцтармактарга жарыяланууда. Анда аксакалдар жана жаштар Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчисинин буга чейин жасаган билдирүүсүнө нааразы болушкан.
"Мен Июнь окуясынын күбөсү, эки элдин ортосундагы кагылышууну токтоткондордун биримин. Ошондуктан, Бекназаровдун калпы мага дайын. Кыргыз-өзбек тиреши Убактылуу өкмөттүн айынан башталган. Алар сепаратисттер менен тил табышып, эки элди кайраштырып коюп, сыртта күлүп карап отурушкан. Ошол убакта эл менен бир гана Камчыбек Ташиев жүргөн. Акырында үнү чыкпай калып, анын айтканын калың элге жанындагы балдар кыйкырып жеткирген учурлар да кездешкен. Ошондуктан, Бекназаровдун айтканына кошула албайм. Ал өзү түштүккө координатор болуп келип, бирок элди карабай, сепаратисттер менен соодалашып отурган. Мен аны далилдеп бере алам. "Сиз кайда элеңиз?" - десек, "Курортто силерди карап отурдум, туура эмес кылып койдуңар", - деп согуш токтогондон кийин бизге баатыр болгону да бар.
Июнь окуясынын күбөлөрү болгон жаштар талап кылып жатышат: Бекназаров ошондогу кайдыгерлиги, эки улуттун кагылышынан, адам өлүмүнөн, кандан акча жасаганы үчүн жоопко тартылышы керек. Бул бизнес кылып эле жүрдү, сепаратисттер менен соодалашып", - деген кайрылган жаран.