Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер Нияз мамлекеттик сыйлыктар тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жазды. Эске салсак, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров ар кайсы тармактардын мыктыларына сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. 

“Бул сыйлык кереги жок дегендер да жок эмес. Менин оюмча сыйлык керек. Эгерде Америка болсок албетте, таланты менен эле жан багып кетет эле кыргыздын өнөрпоздору. Же болбосо чала бизнес кылып деле оокатын таба алмак. Бирок чыныгы өнөр ээлери ушул мамлекет менин эмгегимди баалайбы деп кашайып калганча күтөт турбайбы. Эл катары оокатын кыла албай, же сыйлыкты кыйкырып “жула” албай, маданияттуу күтүп жүргөн кесиптештерим, үзөңгүлөштөрүм жөнүндө айткым келди. Маданияттын ар бир багытында ушинтип жашап келгендер арбын", - деген элчи.

Ал ошондой эле, кино тармагынын өкүлдөрү сыйлыктан четтеп калышканын белгилеген:

"Киночулар жөнүндө кеп айткым келет. Анткени ушул 31 жыл эгемендүүлүктүн убагында эң алдыңкы сапта маданият тармагын тааныткан, Кыргызстанды дүйнөгө суктандырган тарабынан дагы киночулар болуп беришти.

Менин жеке оюмда маданиятка сыйлык берилсе киночулар авангардда болуш керек, калыстык үчүн.

Сыйлыгы жок калып келе жаткандардан эки инсанды өзгөчө белгилээр элем. Эрнест Абдыжапаровду жана Темир Бирназаровду. Союз ыдырап, баары кинодон үмүтү үзүлүп калганда, Актан, Марат, Эрнест,Темирлер жаңы кинонун тарыхын жандантышты. Суук подвалда шинелчен баш көтөрбөй иштеп, бүт өмүрүн киного арнап келе жатышат. Канчалаган жаш муунду өстүрүштү, канчалаган кино тартышты. Ушуларды көрүп азыркы дүйнөгө аты чыгып калган жаштарыбыз, ушуларды туурап, ушулардан үлгү алып, Кыргыз киносунун байрагын көтөрүп келишет. Азыркы Кыргыз киносунун абалы кудайга шүгүр кошуналарыбыз суктана турган акыбалда. Өзүм дагы кошуна мамлекеттерден чыккан анализдерге көз салып турам.

Албетте чыгармачыл адамга биринчи кылган иши, чыгармасы деңизчи, бирок курган пендечилик баары бир сыйлыкка умсундурбай койбойт экен.

Мүмкүн коом дагы ушул чындыктарды биле жүргөнү туура. Анткени коом алдыга сүрөп сүймөнчүлүгүнө алса (төкмө акындар сыяктуу), мамлекет дагы көңүл бурат чыгаар.

Киночулар дагы баарыбыз катары эгемендүүлүкө салым кошуп келе жатышат, мүмкүн өлкөбүздү таанытууда салымы көбүрөөк болушу мүмкүн. Урматтуу коом, ушуну биле жүрөлү. Тирүүсүндө сыйлайлы. Анткени мамлекет деле түпкүлүгүндө коомду карайт, коомго түздөнөт.

Киночулар “Кыргыз кереметин” асаба-байрагын түшүрбөсүн ылайым. Буйруса келе жаткан кино күнүндө ойго алынып калгысы бардыр".