Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарыларын 1 жума мурда уктум эле. Алгач укканда эл, коомчулук кандай кабыл алар экен деп ойлодум. Өлкөдөгү бул эң жогорку даражалуу наамга татыктуубу, жокпу деген да ойлор кетти. Камчыбек мырзанын өткөнүнө, бүгүнүнө саресеп салып, аталган наам берилсе, туура эле болот деп ойлодум.

Менимче, С.Жапаров бул Жарлыгы менен К.Ташиевдин жоопкерчилигин ого бетер күчөттү. Эгерде буга чейин элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоп, ден-соолугуна, башкасына карабай кызмат кылып келаткан болсо, эми бул наам эселеп элге кызмат кылууга, элдин ишенич, үмүтүн актоого, бул наамга татыктуу болууга милдеттендирет. Аны Камчыбек Кыдыршаевич да эң сонун түшүнүп жатса керек. Камчыбек мырзанын салыштырмалуу жаштыгын, акылга, күчкө толуп иштей турган куракта экенин эске алсак, алдыда эл, өлкө үчүн көп кызмат кылып, элдин алкоосуна татыйт деген ишеничим бар.

Экинчиден, президент С.Жапаров бул Жарлыгы менен наамдын жалаң курагы 80ден өтүп калгандарга берилип келген «салтты» бузду. Буга дейре тигил же бул тармактын аксакалдарына гана берилип, бул коомдо нааразылыктарды да жаратчу. А чындап келгенде, илимдеби, бизнестеби, саясаттабы, конкреттүү тармактабы кылган иши, жетишкендиктери менен өзгөчөлөнүп, зор ийгиликтерге жетишип, аталган наамга татыган инсандар жок эмес.

Камчыбек Кыдыршаевич, наамыңыз кут болсун! Бул наам сизге кокустан берилбегенин алдыда өзүңүздүн иш-аракеттериңиз менен далилдейсиз деп ишенем.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист