Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

Кечээ, 1-сентябрда президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын Эл баатыры" эң жогорку артыкчылыктуу даражасы Камчыбек Ташиевге ыйгарылганы маалым болду. Бул боюнча коомчулукта пикирин билдиргендер көп. Алардын бири - журналист Нургазы Анаркулов. 

- КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" жогорку артыкчылыктуу наамы ыйгарылды. Менин оюмча, бул наам Камчыбек Кыдыршаевичке эчак берилиши керек болчу. Себеби эгемен тарыхта бул инсандын элге сиңирген эмгеги зор, керек учурларда башын тобокелге салып койгон учурлар болгон. Мисалы, Ош окуясында жеке Камчыбек Ташиевдин кыргынды токтотууга кошкон салымы чоң болгон. Карапайым эл муну жакшы билет. Ошондон бери эле эл аны БААТЫР эсептеп келе жаткан. Эл өзү берген наамды бүгүн мамлекет башчысы Садыр Жапаров расмийлештирип койду.

Менимче, бул наамдын К.Ташиевге ыйгарылып жатканы боюнча эч кимде, позициядагысында да, оппозициясында да суроо болбойт. Анткени, баары бул инсандын чыныгы мекенчилдик сапаттарын жакшы билишет.

Жогорку сыйлык-наамыныз кут болсун, Камчыбек Кыдыршаевич! Элибизге кызмат кылуу бактысы башыңыздан кетпесин, ден-соолукта болуңуз!