Экс-депутат Жылдыз Жолдошова соцтармактагы баракчасына "Камчыбек Ташиев Ош окуясы боюнча Кыргыз Эл баатыры наамына татыктуубу?" деген суроого берген жообун жарыялады.
- Ош окуясы үчүн К.Ташиевке эң жогорку даражадагы сыйлыкты Президент ыйгарса... анда, Садыр Жапаров Мелис Мырзакматовго, Ахматбек Келдибековго, өзүнө жана Курсан Асановко дагы ыйгарышы керек эле. Анткени, бешөөнүн тең эмгеги өтө чоң.
Эгерде, Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы 2010 - жылдагы коогалаң мезгилдеги кырдаалды жөнгө сала алгандыгы үчүн сыйланса, анда К.Ташиев татыктуу сыйланган.
Камчыбек Ташиев БТРдин үстүндө, миңдеген каны кайнап турган жаштарды токтото албаганда, алар Сузакка кирип кетишкенде... Ош шаарындагы улуттар арасындагы кандуу окуянын трагедиясынан да жаман болмок. Ошондой эле, Сампага Какмчыбектен башка эч ким бара алган эмес.
Камчыбек Ташиевтин жасаган эрдиги - Жалал-Абадда коогалаңды өөрчүтпөй, токтотуп калганы. Бул деген, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын сактап калганга барабар эле, коогалаң учурундагы сөз менен айта албаган эрдик болчу.
Албетте, биринчиден, кыргыз, өзбек дебей саясаттын курмандыгы болуп жатышкандарын өз убагында түшүнгөнүнө, ынтымакка тез аранын ичинде келе алышкандары үчүн элибизге рахмат.
Эки доско ачуу чындык мен тараптан айтылып келет. Кабыл алабы, албайбы, алардын чечими.
Ал эми ушул маселеде, акыйкаттык үчүн айтып койсом Камчыбек Ташиевке Эл баатыры деген наам туура берилди, Ош окуясын, Жалал-Абаддагы оор күндөрдү көргөндөр мени туура түшүнөт. Ал эми көрбөгөндөр, силер түшүнбөйсүңөр, ага капачылык жок.
Эмне демекмин, Камчыбек иним эң жогорку даражадагы сыйлыгың кут болсун. Өлкөбүздө тынчтык, эл арасында ынтымак болсун.
Кыргыздын мыкты уулдары абдан арбын, элдин тагдыры силердин колуңарда, андыктан ынтымактуу болгула.