"Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген улуу наам официалдуу түрдө өз ээсин тапты. Көп жылдардан бери наам-сыйлыктар жең ичинен, так айтканда, "кол ийрисине тартат" болуп берилип келген.

Акаев деген зыянкеч президенттин: "Ким барса акчасын алып, бирок өзүңөр каалаганды шайлай бергиле", - деген, коррупциялык даңгыр жолду ачып берген сөзүнөн кийин бийлик төбөлдөрүнө кошулуп элибиздин да пейили оңолбой турган болуп бузулган болчу.

"Мектепти кызыл аттестат менен аяктаптыр, жогорку окуу жайына өз күчү менен өтүптүр, аспирантурага тапшырып институтта мугалим болуп калыптыр, ар кандай илимдердин кандидаты, профессор, доктор наамдары бар" деген сыяктуу сөздөргө күмөн саноо менен карап ишенбей калган элек.

Эмгек сиңирген артист, эл артист, генерал деген наамдар тиешелүү адамдарга берилбей баарыбызды иренжиткен убактар көп болду.

Кээде басып өткөн изиңе да ишенбей калган замандарда жашабадыкпы, шордуу кыргыздар.

Шофер президенттик аппараттын башчысы болуп, телехранитель ИИМди башкарып калганы- шорубуздун куруганы болбой эмне эле?

А түгүл Атамбаевге Баатыр деген наам берип, кошумчасына анын атын альтернативдик жаңы жолго коебуз деген күн карама кошоматчыларыбыз да чыккан.

Ак үйдү бастырып барышып, кызматын аткарып жүргөн жоокерлерибизди токмоктошуп, куралдарын тартып алышып, алдынан чыккандын баарын талкалап, өрттөгөндөрдү "Баатыр" деп атап алышкандан кийин: "Баатыр болбой эле койгула, баатыр дегендер жаман адамдар болот", - деп балдарыбызды, неберелерибизди тескери тарбиялап калдык эле.

Мына эми, биз каалаган, он эки жылдан бери биздин көңүлүбүздөн кетпей, айтсак үнүбүз бийликке жетпей, аткарылбаса да дайыма жүрөктөрдө сакталып келген тилегибиз ишке ашып, жаратылышынан, жөпжөнөкөй үй-бүлөдөн алган тарбиясынан баатыр жаралган азамат уулубуз Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Кыргыз Республикасынын Баатыры болду.

"БААТЫР" деген азырынча өзүнө гана тиешелүү наамды алды.

Рахмат президентибизге, көп жылдардан бери эч бир бийлик укпай келген үнүбүздү угуп, тиешелүү сыйлык-наамды татыктуу инсанга берип олтурат.

Жакынкы жылдардан бери сыйлык өз ээсин тапкан жалгыз көрүнүш билемин, бул жөрөлгөнү.

Шамурза Борукулов, журналист