Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде "Кыргыз Республикасынын баатыры" эң жогорку артыкчылыктуу даражасын алды. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев наам "өз ээсин туура тапты" деп эсептейт.
- Камчыбек Ташиев эл, мамлекет үчүн жанын үрөп иштеп жатат. Ал мында Аристотелдин философиясын пайдаланды - "Платон менин досум, бирок чындык андан жогору". Чынында, Ташиев УКМК төрагалыгына келээри менен коррупцияга каршы күрөштү аеосуз баштап, жемкорлукка аралашкандарды ким экенине карабай мыйзам жоопкерчилигине тартты. Алардын арасында достору да, жакындары, тааныштары болду. Ошон үчүн Аристотелдин жогорудагы философиясын айтып жатам. Ташиевдин табияты ушундай экен - чындык үчүн тааныш-билиштигине карабайт. Ушуну менен токтоп калбайт, жакын деп жүргөндөрү дагы коррупцияга аралашканын аныктаса, аларды да абакка отургузат. Мен ошондуктан ал кишини "Аристотель" деп коем.
Ал эми наам жагына келе турган болсок, татыктууну татыктуу дегенден чоочулабаш керек. 2010-жылдагы Ош коогалаңында Ташиевдин жасаган эмгектери элдин баарына дайын. Ал турмак аңызга айланып, айтылып келатат. Жалпы журтту алааматтан сактап калуу баатырлыкка тете иш.