«МЭА» ААК Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 129 жетим баланы жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын Эгемендүүлүк күнү жана окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чара Лебединовка айылындагы И. Айдарбеков атындагы №1 мектеп-гимназиясында өттү. Чогулгандарды келе жаткан майрамдар менен «МЭА» ААКнын Экономика, каржы жана социалдык өнүктүрүү боюнча директору Адилет Малдыбаев өзү куттуктады. Ошондой эле, ал балдарга компаниянын атынан белектерди – кеңсе жана мектепке керектүү башка буюмдарын – тапшырды.

Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү «МЭА» ААК 20 жылдан ашуун убакыттан бери райондун балдарына көңүл буруп келе жатканын баса белгилеп, ыраазычылык кат тапшырышты. Өз кезегинде жаш балдар кубанычын жашырбай, беш-төрткө гана окуйбуз деп убада беришти.

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому 2001 жылдан бери ишкананын корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына көмөк көрсөтүп келет.