26-августта УКМКнын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын имараты расмий түрдө ачылды. Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап жабдыктар орнотулган, ал турмак тренажердук зал дагы бар. Ага чейин мекеменин кызматкерлери Базар-Коргон райондук сотунун имаратындагы бир кабинетте отурушкан.
Бир караганда өзгөчөлүү эч нерсе деле жоктой, атайын кызматтын кызматкерлери үчүн жаңы имараттар өлкө боюнча курулуп, ачылып жатат. Бирок бул жаңылык Камчыбек Ташиевдин дарегине батыш фонддору тарабынан каржыланган ММКлардын кезектеги сын - пикиринин жаралышын камсыз кылды. УКМКнын башчысын атайын кызматтын карамагындагы структураны бекемдөө, анын ичинде атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрү үчүн имараттарды куруудан башка эч нерсе кылбай жатат деп айыпташты.
Бул биринчи жолу болуп жаткан жок, болбосо акыл-эстүү адамдар УКМКнын облустардагы башкармалыгына жаңы имараттарды куруу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо - бул мекеменин төрагасынын түз милдети экенин жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Ташиевди өз ишин жакшы аткарганы үчүн урушуп жатышкандай түр калтырышууда.
Белгилей кетчү нерсе, Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгына келээри менен атайын кызматты, айрыкча аймактардагы башкармалыктарын бекемдөөгө көңүл бурду. Мындан тышкары, өзүнө баш ийген күч түзүмүн кайрадан куралдандырууга басым жасады. Жыйынтыгында, Чек ара кызматына түрк өндүрүшүнүн "Байрактар" учкучсуз учактары алынып келинди.
Булар менен катар УКМК төрагасы бардык тармактардагы улуттук коопсуздукка байланышкан татаал маселелерди чечүү үстүндө иштеди.
УКМК мамлекеттик башкаруунун түзүмдөрүндөгү коррупция менен күрөшүүнү аеосуз улантып жатат. Мекеме дээрлик күн сайын бул жөнүндөгү кабарларды бөлүшүп турат. Мисалы, жакында атайын кызмат өлкөнүн түштүгүндөгү алтын компаниялардын биринин башкы директору кымбат баалуу металлды мыйзамсыз сатканы үчүн кармалганын жарыялады. Буга чейин аймактык Калкты тейлөө борборлорунун биринин жылдар бою жарандардан пара алып келген кызматкерин кармашкан болчу.
УКМК төрагасынын башкы эмгеги катары эксперттер Кыргызстан бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугу менен 81 пайыздан жогору камсыздала алганын айтышат.
Март айында ал азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону талап кылган. Жыйынтыгында, үч министр - экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, каржы министри Алмаз Бакетаев жана ӨКМ министри Бообек Ажикеевге бул милдет жүктөлгөн.
Натыйжада, өз убагында биринчи керектөөдөү товарларга спекуляциянын болушунун алды алынды. Ошону менен бирге социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам көрүү үчүн Антикризистик комитети түзүлдү жана айрым айыл чарба товарларын сыртка чыгарууга тыюу салынды.
Андан тышкары, УКМК төрагасы Министрлер Кабинетинин антикризистик чаралар боюнча жыйынында Баткен облусундагы чек арага көзөмөлдү күчөтүү керектигин айткан. Ага байланыштуу, ал салык жана бажы кызматтарынын жетекчилерине кайрылып, аларды өлкөдөн товар чыгарып кетүү аракеттерге "тирүү щит" болууну тапшырган.
Улуттук коопсуздуктун дагы бир маанилүү, Камчыбек Ташиев үзгүлтүксүз көзөмөлүнө алып жаткан аспекти, бул чек аралардагы туруктуулук. Өткөн жылда ал эки өлкөнүн чек ара маселелерин абдан кылдат изилдеди. Конфликттерди чечүүдө адис болууга жетишти, өзгөчө тажик-кыргыз мамилелеринин татаал жактарын түшүндү, анын негизинде конфликттин географиясын, кайда жана кандай алсыздыктар бардыгын так билип калды.
Кыргызстан менен Тажикстан бир жылда 80 чакырымдан ашык жалпы чек арасын макулдашууга жетишкенинде да (бул маалыматты тажик тарап да тастыктады) Камчыбек Ташиевдин эмгеги бар. Ошондой эле, жыл аягына чейин Кыргызстан менен Өзбекстан жалпы чек арадагы маселелерди толук чечүүгө ниеттенип жатканы белгилүү болду. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары эки өлкөнүн өкүлдөрү Унгар-Тоо, Чоң-Сай, Кемпир-Абад өңдүү талаштуу аймактар боюнча бир пикирге келгенин билдиришти.
vb.kg сайтынан алынып которулду