Мындан башкача айтууга мүмкүн болбой турат. Кыргызда «чын чычалайт» деп айтылат. Батыштан алган жашылбайларына ѳлкѳ ичинде бузукулук иштерди кылып, баңгизаттары менен шугулданып, арам ойлорун, кутум максаттарын ишке ашырып,  анысы аз келгенсип мамлекеттик  документтерди жасап, мыйзамдарды бузуп, ѳлкѳнү, элди алдап жүргѳндүгү аныкталган Болот Темиров «эң жакшы коргонуу - чабуулга ѳтүү» деген принципке ѳткѳн окшойт. Ѳзүнүн ютуб каналы аркылуу УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиевди, анын жакындарын каралоого ѳттү. Ачыгын айталы, кооз сүйлѳп, мүмкүн болушунча сандарды кѳбүрѳѳк  келтире берсек, эл ишенет, иликтѳѳ ынанымдуу болот дешкенби, акыркы иликтѳѳсүн эптеп-септеп жасай салышканын байкоого болот.

Болот Темировдун командасынын иликтѳѳсүндѳ Камчыбек Ташиевдерге тиешелүү «Томас и Ко» компаниясы Жалал-Абад аймагындагы бир катар тендерлерге катышып, утуп келатканын айтыптыр. Чындап келгенде, мында эч кандай жаңылык да, таң каларлык нерсе да жок. Камчыбек Ташиев тээ 90-жылдардын башынан бери нефти бизнесин жүргүзүп келери, ошонун арты менен капитал кылып, бутка туруп, тапкандарын эл менен бѳлүшүп, ѳзүнүн кичи мекени үчүн кѳптѳгѳн иштерди аткарып  келатканы белгилүү. Кээ бир саясатчы, аткаминерлердей болуп, бизнесин танган эмес, иликтѳѳдѳ сѳз болгон «Томас и Ко» компаниясынын ээси экенин да  эч качан жашырган эмес.  Чоң саясатка аттангандан кийин бизнесин бир туугандары, жакындары жүргүзѳ баштаганы мыйзам ченемдүү эле кѳрүнүш. Темировчулардын «Томас и Ко» компаниясы Жалал-Абаддагы тендерлерди утуп келатат» дегенге басым жасагандарына жол болсун!  «Томас и Ко»  Жалал-Абад аймагында кѳптѳн бери иштеп келаткан,  күйүүчү майларды сатуучу  ири компаниялардын бири. Андай болгон соң албетте, ошол аймактагы тендерлерге катышат, айрымдарында утат, кээ бирлеринде утулат. Кайсы ишкана кайсы аймакта иш алып барса, анын жергиликтүү тендерлерге катышуусу да, утуштарга ээ болуусу да кадимки эле кѳрүнүш. Бул бир талапкердин кичи мекенинен  шайлоого катышып,  жеңишке жетишүүсүндѳй эле нерсе.

Эгерде Темировчулар Жалал-Абад аймагындагы ондогон, жүздѳгѳн тендерлерди иликтѳѳгѳ алса, «Томас и Ко» компаниясынан башка да ишканалар миллиондогон сомдук тендерлерди утарын  билишмек, «Томас и Ко» компаниясынын үлүшү аз эле экенине ынанышмак. Жок, антишпейт.  Элге чындыкты жеткирүү алардын максаттарына кирбейт. Алардын  максаты - «Томас и Ко» компаниясы уткан тендерлерди гана  алып, анан фактыларды ѳздѳрүнѳ ыңгайлуу ѳңүттѳ тизмектеп, цифраларды келтирип, бир жактуу маалыматтар аркылуу мүмкүн болушунча Камчыбек Ташиевди, анын жакындарын каралап, эл, коомчулук алдында дискредитациялоо.    

Болот Темиров бир тараптуу, атайын максатты кѳздѳгѳн иликтѳѳлѳрдү жасамыш этип, элдин башын айландыргандан  мурда ѳзүнүн кылган мыйзамсыз, кылмыштуу  иштери боюнча жооп берип, ѳзү айткандай, «сүттѳн ак» болсо, анысын далилдебейби?  Же ѳзүнѳ тагылган айыптарга каршы айтар эч нерсеси жокпу? Эмнеге алар боюнча эч нерсе дебейт, ооз ачпайт?  Анан да Темировчулардын «кокуй, куугунтукталып жатабыз, сѳз эркиндиги муунтулуп жатат» деп айгай салгандарычы!  Андай болсо, Темировчулар минтип каалаганын айтып, каалаганын сүйлѳй алышат  беле? Наадандык, бѳѳштүктүн деле чеги болушу керек го!