Печать
Категория: Коом
Просмотров: 863

Болот Темировго таандык “Темиров Live” каналы кезектеги иликтөөсүн жарыялады. Так далили жок куру цифралар менен коомчулуктун пикирин бурууга жасалган аракет каналдын жетекчилигине кылмыш иши козголгондон кийин күчөдү. Болот Темировго кандай мыйзам бузууларынын негизинде кылмыш иши козголгонун расмий мекемелер бир нече жолу түшүндүрүшсө дагы, аны моюндарына алгысы келбейт. Темировчулар баарын өздөрү сыртка чыгарган “чындыкка” байланыштырууну каалашууда. 

“Иликтөөдө” айтылгандарга токтоло кетели. 

Анда чыгарылган маалыматтардын баары ачык булактардан алынган. “Томас и Ко” компаниясы Ташиевдерге таандык экени ачык булактарда көрүнүп турат. Аны жашырып-жабууга эч ким аракеттенген эмес. Анткени, ага себеп жок. Ишмердүүлүгү, иш аракеттери мыйзам чегинен чыкпай, өлкөнүн көп ишкерлеринин катарында өз арабасын кылдыратып жаткан компанияга жашыруун иштөөгө негиз жок. Эгерде темировчулар белгилегендей, мамлекеттик тендерлерди бийликтин күчүнө салып “тартып” алып жатышса, ал компаниянын таасирдүү адамга болгон байланышын коомчулуктун көзүнөн далдоо кармашмак. 

Канал компаниянын 2016-жылдан 2020-жылга чейинки убакыт аралыгындагы тендерлерге катышуусун тизмелеген. Бул жылдар аралыгында Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик кызматта болбогону баарына дайын. Бирок темировчулар бул жерде куулук кылышып, коомчулуктан ушундай суроо жаралаарын алдын ала билишкен дагы, аны 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиевдин президенттикке талапкерлигин Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбековдун пайдасына алып салганына жабыштырышкан. Алардын божомолунда, Ташиев Атамбаев менен жең ичинен соодалашууга барып, талапкерлигин алып салса, бийлик анын компаниясына тендерлерден утуп чыгууга жол ачып берээрин убадалаган. Бул тууралуу ачык айтылбаса дагы, иликтөөчүлөр кеп учугун ушундай тыянакка алып барып такашкан. Туура айтышат, Ташиев ал жылдары кызматта болгон эмес. Ал эми жакын туугандары иштеткен компания көп компаниялардын бири катары тендерлерге катышып, утканын утуп, кээ биринен ийгиликке жетишпей келишкен. Ташиевдин эл арасындагы абройу айтпаса да маалым. Айрыкча, 2017-жылдары жылдызы жанып, калың элдин колдоосуна ээ болуп турган убагы эле. Анан ошондой талапкер, учурдун президентинин мураскерине эң башкы атаандаш болуп жаткан адам мамлекеттик тендерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнөн чыгып кеткенине ким ишенет. Мамлекеттин абалы белгилүү, андыктан мамлекеттик тендерлерден утуп эле акча туйтунуп кетүү мүмкүн эмес. 

Камчыбек Ташиев жана анын туугандары көп жылдан бери бизнесте жүрөт. Мамлекеттик кызматтар бизнесин түптөп, бутуна тургузгандан кийин болгон. Буга чейин кандай иштеп келсе, ошол ыргагында ишин улантып, тендерлерге катышып келатышат. Ар бир компания тендерлерге катышууга укуктуу. Башкысы, мыйзам бузулбады. Мындан саясат издөөнүн кереги жок.