Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге депутат Кундузбек Сулайманов сын айткан. Ал билим берүү тармагында реформа жасоого министрдин дарамети жетпей жатканын белгилеген.
Министр депутат өзүнүн жардамчысын Токтогул районундагы лицейге директор кылуу сунушу менен кайрылганда, баш тартып койгонун айтты. "Ошондон кийин Сулайманов мени сындоого өтүп алды", - деген министр.
Кундузбек Сулайманов эмне себептен жардамчысы Айжан Үсөнканованы Токтогул шаарындагы №39 кесиптик лицейге директорлукка сунуштаганын мындайча түшүндүрдү:
- Бир жарым айдан бери аталган лицейдин директору дайындалган жок. Андыктан, лицейдин иши артка кетти. Мен өз көзүм менен материалдык-техникалык база жана билим берүү деңгээли заман талабына жооп бербей калганын көрдүм. Ошондуктан, директорду дайындоо процессин тездетүү керек болду. Мен катардагы мугалимден мектеп директорлугуна чейин жеткен, билим берүүдө 20 жылдык иш тажрыйбасы бар адисти сунуштадым. Ал адим аталган лицейде беш жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, директордун орун басары болуп иштеген. Айжан Үсөнканова лицейди министрликтин талабына ылайык аккредитациядан өтүшүнө активдүү катышып, өнүгүп-өсүшүнө салымын кошуп келди. Билимин жана ищ тажрыйбасын эске алганда, мен сунуштаган адис директорлук орунга толук татыктуу болчу, - дейт депутат.
Ошондой эле, ал Айжан Үсөнканованын талапкерлигин жөн гана сунуштаганын, талап коюу же мажбурлоо болбогонун белгиледи.
- Тийиштүү иш тажрыйбасы жана квалификациясы жок адамды мен бул кызматка сунуштамак эмесмин. Мен үчүн эң башкы нерсе - профессионалдуулук. Коррупциянын жана кадрларды дайындоодогу мүчүлүштүктөрдүн айынан маанилүү долбоорлор жана программалар кагаз жүзүндө гана калып кетүүдө, ал турмак министрдин баштаган иштери дагы ийгиликтүү ишке ашкан жок. Бул бир гана мага эмес, министрдин өзүнө дагы жакшы дайын. Конструктивдүү сынды туура кабыл алуу зарыл, аны башка нукка буруп, маңызын өзгөртүүнүн кереги жок деп ойлойм. Биз, депутаттар, билим жана тарбия берүү процесстерин жакшыртууга дарамети жете турган тажрыйбалуу кадрларга колдоо көрсөтүшүбүз керек, - деди Кундузбек Сулайманов.