- Жамин агай, Антикризистик комитет түзүлдү. Эми Кыргызстанды каатчылыктан сактай турган антикризистик иш-чаралар кандай болушу керек?
- Каатчылыктан качуунун негизги жолу - бул ата-мекендик өндүрүшүбүздү өзүбүз колго алып, аны мындан ары өркүндөтүүдө турат. Алар: айыл чарбасы, энергетика, өнөр жай, транспорт жана кызмат кылуу тармактары, орто жана чакан ишкердүүлүк. Жаратылыш байлыктарыбызды жакшы пайдаланып, өзгөчө “Кумтөр” ишканасынын ишин үзгүлтүккө учуратпай, анын натыйжалуулугун камсыз кылышыбыз керек. 100 тонна алтыны бар “Жерүй” кени боюнча түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу талапка ылайык деп ойлойм. Анткен себеби, А.Атамбаевдин учурунда аны дүңү менен чет өлкөлүк компанияга сатып жиберишип, Кыргызстандын мамлекеттик үлүшү таптакыр болбой калган. Булардан тышкары бизге сарамжалдуулук жана күжүрмөн эмгектин жетишпей тургандыгы ачык асмандай эле көрүнүп турат. Жок эле дегенде 30 миңден ашык мамлекеттик чиновниктердин санын коркпой туруп кескин кыскартуу зарыл. Мисалы, ар бир министрликте же ведомстводо департаменттер, агенттиктер жана бөлүмдөр бар. Демек министрлерге төрттөн-бештен орун басар берүүнүн эч кандай кажети жок.
- Барган сайын эл аралык аренада Россияны туш тараптан тушоо аракетин жасап, түрдүү санкцияларды салып жатышат. Ал санкциялардын биздин өлкөгө тийгизген таасири кандай болот?
- Орусияга салынган санкциялардын кесепети бизге түздөн-түз тийе баштады. Себеби, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүнүн 60 пайызы Москва менен байланыштуу. Биз 7 жылдан бери Евразиялык Экономикалык Биримдиктин курамындабыз жана ал боюнча атайын Келишим бар. Ошого карабастан бизге буудайдын, кумшекердин, өсүмдүк майынын жана башка стратегиялык товарлардын сырттан келишине тыюу салып коюшту. Анын артынан баалар кымбаттап кетти. Демек ЕАЭБ мындан ары иштейби же токтодубу деген маселе туулуп жатат. Укуктук негизде ушул көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарыл. Кризиске каршы иш-чараларда Кыргызстан өзүн өзү тамак-аш менен камсыз кылуу маселеси биринчи орунда турушу керек. Себеби азык-түлүк коопсуздугун түзгөн 9 тамак-аштын жетөөсүн өзүбүздөн эле өндүрсөк болот. Мисалы, бизге 1 жылга 1 млн тонна буудай керек. Былтыр болсо 200 миң тонна гана түшүм алдык. Бул акылга сыйбаган иш. Союз учурун тим эле коёлу, мына кийин 2009-жылы эле Кыргызстан 1 миллион 50 миң тонна буудай өндүргөн. Кумшекер боюнча биз мурун бүткүл Орто Азияны камсыз кылып келгенбиз. Мындан 3 жыл мурун эле элибиздин муктаждыгын 80%га жеткиргенбиз. Азыр бизди эмне балээ басты? Ага бир эле себеп - айыл чарбасын башкарууну билбей жатабыз. 90-жылдарынын башында өсүмдүк майы боюнча эч кандай көйгөй жок болчу. Себеби күн карама, сафлор, рапс жана пахта өндөнгөн май берүүчү өсүмдүктөрдү тийиштүү деңгээлде сепчүбүз. Азыр болсо аларга көңүл бурбай коюп, муктаждыгыбыздын 85 пайызын Орусия жана Казахстандан ташып келебиз. Ушул эми уят да! 9 миллион гектар жайлоону ээлеп, 6,5 миллион кой-эчки, 1 миллион 700 миң кара мал, жарым миллион жылкы, 45 миң топоз, 30 миң чочко жана 6 миллион үй канаттууларын багып туруп, анан 6 миллион элибизди эт менен толук камсыздай албаганыбызды эмне менен түшүндүрсө болот? Анын бир эле себеби бар - жоопкерсиздик.
Жалпылап айтканда, азыркы кризистен чыгуунун негизги куралы - бул өзүбүздүн ички резервдерибизди ишке ашырып өлкөбүздү алдыга жылдырууда турат.
- Жамин агай, президент ири суммадагы чоң каражатты айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн дыйкан, фермерлерге аз пайыздык чен менен кредит бердиргени айыл чарба тармагын колдоого алганыбы?
- Жакында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурду жана чыркыраган чындыкты айтты. Эгерде биз өткөн кургакчыл жылдын жана быйылкы эл аралык жаңжалдардын кесепетинен элибизди негизги тамак-аштар менен камсыз кыла албай калсак, анда кыйынчылыкка кабылабыз. Ушул маселелерди эске алып, Президентибиз мамлекеттик казынада топтолгон каражаттын көпчүлүгүн, тактап айтканда, 26 миллиард сомду атайылап айыл чарбасына бөлдү. Акыркы 30 жылдын ичинде мынчалык көлөмдөгү жардамды алмак тургай, көргөн дагы эмеспиз.
Ошентип Садыр Жапаров өзүнүн мамлекеттик вазийпасын ишке ашырып, айыл чарбабызды алдыга жылдыруунун алгачкы кадамын шилтеди. Эми ушунчалык көп каражатты ар бир дыйканга, малчыга, кайра иштетүүчүгө тезирек жеткирип, ошонун үзүрүн быйыл күздө эле көрүүнү ким камсыз кылат? Албетте, айыл чарба министрлиги. Бирок менин пикиримде, бул тармактын жетекчиси Аскарбек Жаныбеков бул зор милдетти аткарууга шайы келбей калды окшойт.
- Эмнеге Аскарбек Жаныбеков милдетин аткара албай жатат?
- Анткен себеби, бул “азамат” мамлекет башчыбыздын терең ишеничин актай албай жатат. Мындан бир жыл мурун министр болуп дайындалганда Жаныбеков жап-жакшынакай, жөп-жөнөкөй, калыс, ишин билген адис жана орой сөз айтпаган маданияттуу инсан эле. Азыр болсо ал 180 градуска өзгөрүлдү. Чексиз бийлик колуна тийгенден кийин Жаныбековдун көзүн май басты. Кыргыздар “адамды бийлик жана байлык бузат” деп бекеринен айтпаса керек. Өзү колунда бар бай жигит. Өзүнчө менчик чарбасы бар, азык-түлүк өндүрүп, асыл тукум мал жана үрөнчүлүк менен алектенет. Алардан жакшы киреше табат. Турмушта байлыкка бийлик кошулганда ого бетер жаман экен. Азыркы учурда ал өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жаткан мезгили. Мурун кичипейил болсо, азыр эч кимди көзгө илбейт, орой сөз менен адамдын көңүлүн калтырып коюу, ал үчүн бир тыйынга да татыбайт. Жаныбеков ушул учурда чыныгы чиновник-“партократка” айланды жана сын-пикирди тап-такыр кабыл албайт. Кошоматчыларды тегерегине топтоп, аларды “одобрямс” айттырат. “Кошоматчы кишини кондурба да, түнөтпө” деп журтубуз бекеринен айтпаса керек. Бирок мындай акылман сөздү министр уккусу да жок. Кокустан бир майда-чүйдө эле сын айтып койсоң, балээге калдың. Артыңдан октой кубалап, максатына жетмейинче сени тынч койбойт. Дароо эле шылуундардан турган комиссия түзүп, ишиңди ийне-жибине чейин текшертет, абийириңди айрандай төгөт. Натыйжада, жок эле дегенде сөгүш берет же кызматыңдан кубалайт. Айыл чарба министрлигин жеке менчигиндей көрүп, 11 миң адис иштеген мамлекеттик мекемени тим эле чөнтөгүнө салып алды. Тилекке каршы, аны “кой-ай” деген киши жок. Ошондон пайдаланып “бул дүйнөдө менден башка киши жок” деген принцип менен иштеп жатат.
- Баса, айыл чарба министрлигинде төрт орун басар бар экен. Анча орун басар министрлик үчүн көптүк кылбайбы?
- Президент Жапаров бир жолу министрлердин орун басарларын тап катары жоюш керек деген пикирин айткандай болду эле. Ал эми айыл чарба министринин болгондо дагы 4 орун басары бар. Буга ким уруксат берген? Болсо болсун дейли, бирок алардын деңгээли аябай төмөн, адистик сапаты жокко барабар, өндүрүштүк тажрыйбалары жок болуп жатпайбы. Анан кантип ошолор Садыр Жапаров айыл чарбасына бөлүп жаткан эбегейсиз каражаттарды туура жана максаттуу өздөштүрө алышат?!
- Жамин агай, айыл чарбасын өнүктүрүүгө берилген кредиттер чыныгы жер иштеткен дыйкандарга берилип жатабы же аны да жолдон өөнөп-бутап калгандар барбы?
- Миллиарддаган сомдор кедей-дыйкандардын колуна тийбей, дагы эле кайрадан бай-манаптарга белек болбойт деп ким кепилдик бере алат. Эгер быйыл Президентибиздин эмгеги талаага кетсе ага ким жооп берет? “Жаз жарыш, күз күрөш” дейт. Жаз келип, ал түштүктө кызуу жүрүп жатат. Бирок 1,5 миллиард сомго сырттан кымбат баада сатылып алынган үрөндөрдүн чети эле көрүнүүдө. 16 миң тонна үрөндүн баары качан келет? Алар кечигип келсе анда эмне болобуз. “Темирди кызуусунда сок”- деген кеп бар. Азыркы учурда дыйкандар күйүүчү май жана жер семирткичтерди ала албай жатышат, себеби алар өтө кымбат.
Бул максатта өкмөтүбүз бир нече миллиард сом бөлбөдүбү эле, алар кайда кетти? Ошол каражаттардын негизинде дизтопливо менен азоттун баасын эмне үчүн төмөндөтүшпөйт? Буга түздөн-түз айыл чарба министрлигинин жетекчилиги күнөөлү.
- Бирок, Аскарбек Жаныбеков маалымат каражаттарынан жетиштүү эле маалымат берип жаткандай го?...
- Аскарбек Жаныбеков күн-түн дебей телерадиодон булбулдай сайраганы менен, эмдигиче республиканын таалаларында быйылкы жылы канча гектар жерге кандай өсүмдүктөр себилээри тууралуу так маалыматты айтпай келет. Эми жок дегенде чет мамлекеттерден баасы көтөрүлүп кеткен, долларга сатылып келип жаткан буудай, ун, кумшекер жана өсүмдүк майын быйыл өзүбүздө эле өндүрсөк болот да.
Ал үчүн буудайдын жалпы аянтын 350 миң гектарга жеткириш керек, кант кызылчасын 20 миң гектарга себүү зарыл, ал эми май өсүмдүктөрүн (күн карама, сафлор, зыгыр жана соя) 50 миң гектарга жеткирүү керек.
Мына ошондо гана биз бирөөнүн көзүн карабай, быйыл эле элибизди сапаттуу жана арзан азыктар менен камсыз кыла алабыз. Ушундай таамай иштерди айткандын ордуна, министр Жаныбеков талаага сүйлөп санжыра айтып, элдин кыжырын келтирип жатат. Минтип олтурсак оңолбойбуз го? Кыскасы, Аскарбек Жаныбеков айыл чарбасын жайлаганы калды окшойт.
Маектешкен Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити