Печать
Категория: Коом
Просмотров: 158

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында бюджеттик чөйрөлөрдө иштегендердин дипломдорун текшерүү  өз натыйжасын берип, эл арасында айтылып жүргөндөрдүн негиздүү экенин ырастоодо. Ушуга чейинки текшерүүлөрдө Жогорку Кеңештин 4, шаардык кеңештин 3  депутатынын, 2 судьянын, КР Президентинин  облустагы ыйгарымдуу   өкүлүнүн 1 орун басарынын, 1 мэрдин, 1 вице-мэрдин, 1 экс-мэрдин, райондук мамлекеттик администрациялардын 1 башчысынын, айыл аймактарынын 7 башчысынын, алардын 2 орун басарынын, айылдык кеңештин 5 депутатынын, Эсептөө палатасынын  1 аудиторунун, ички иштер органдарынын 10, УКМКнын чек ара кызматынын 1, Мамлекеттик салык кызматынын 3, Тышкы иштер министрлигинин 6, Экономика министрлигинин 2, Транспорт министрлигинин 3, Айыл чарба министрлигинин 4, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин 1, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 1, медициналык 1, билим берүүдөгү 17, Социалдык фондунун 1, банк тармагындагы 2, муниципалдык кызматтын 4, муниципалдык аймактык башкаруунун 1, айыл аймактарынын 7 кызматкеринин дипломдорунун жасалма экендиги аныкталып жатыптыр.

Текшерүүлөр башталганда 9 адам өздөрүнүн дипломдору жасалма экенин моюндарына алып, дипломдорун тапшырышса, 16 адам өз ыктыярлары менен кызматтарынан кетишкен. Мындан сырткары мамлекеттик 12 кызматкердин кош жарандуулугунда чоң шек бар экен, аларды тастыктоо аягына чыгарыла элек.

Орто мектептерди мыкты бүтүшкөндөр идиректери, аракеттери болсо,  башталгыч класстарга мугалим болгонго жарайт. Ал тарыхта ырасталган, бирок  таптакыр кесиптик билимдери жоктордун  мыйзам чыгаруучу, элдин тагдырларын чече турган судьялык, министрликтердин, ведомстволордун  иш кагаздарын даярдап, төмөнкү  түзүмдөрүн координациялап, тескөөчү  болуп иштөөгө чейин жеткендери  чындыгында таң каларлык нерсе . Мындай  абал Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын коррупция, тууганчылык, кландык, жердештик  көрүнүштөр биротоло чырмап алгандыгын гана айгинелейт. Анткени, ошол жасалма дипломдуулар Жогорку Кеңешке  акчанын аркасы менен келишсе, министрликтердеги, вдомстволордогу  “жасалмалар” туугандарынын, тааныштарынын жардамдары менен ал жерлерге барышкандыгы  кимге деле болсо түшүнүктүү болуп турбайбы.

Тилекке каршы, Кыргызстанда андай көрүнүштөр биротоло тамырлап, өсүп - өнүгүп, нормага айланып баратат. Жооптуу кызматкерлери, адистери бир аймактын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ооруканалар, ЖОЖдор, мекемелер, атүгүл диссертациялык кеңештер бар. Бирок андай көрүнүштөрдү Өкмөт да, тийиштүү министрликтер да көрмөксөн, билмексен. Камчыбек Кыдыршаевич дипломддорду текшерип бүткөндөн кийин республикалык мекеме, уюмдарда, органдарда аймактардын баланстары кандай сакталып жатканын, кайсыл жетекчилер өз мекемесин, уюмун  туугандары, жердештери менен  биротоло менчиктеп алганын да текшерип, ачыкка чыгаруусу зарыл. Антпесе бул жааттагы абал күндөн күнгө оорлоп гана баратат. Бул ыгы келгенде аргасыз айтылып кетти.

Азыр университеттерди, магистратураларды, атүгүл Президентке караштуу башкаруу академиясын  эң мыкты бүткөндөрдүн басымдуу  көпчүлүгү жумушка орношо албай, башка иштер менен алектенип жүрүшөт, анткени, алардын колдоочулары же тийиштүү жетекчилерге бере койгонго акчалары жок. Мындай абал оңолбосо мамлекеттик  жана муниципалдык башкаруу  органдарына  өз аты-жөндөрүн туура жаза албагандар толуп алышса  башкаруу, тескеп, көзөмөлдөө иштери  кайдан жакшырсын! Мыйзамдар түгүл мамлекеттик, саясый жана коомдук түзүлүш, экономика жана социалдык чөйрө жөнүндө таптакыр билимдери, түшүнүктөрү жоктор  Жогорку Кеңеште  депутат болуп жүрүшсө, биз сапаттуу мыйзамдарды, укук-ченемдик актыларды кимден күтөбүз?  Ал эми билими жок медик  дартка чалдыккандардын оорусун биротоло күчөтүп, аркы жакка кеткенге түрткөндөн башка эмнеге жарайт? Ал эми юридикалык билимдери жок судьяларчы? Алар канчалаган адамдардын тагдырларын сындырып, талкалашты экен?

Бул чындыгында улуттук трагедия. Ошондуктан, жасалма дипломдордун аркасы менен жооптуу кызматтарда иштеп келишкендердин бардыгынын аты-жөндөрү, кай жерлерде кандай кызматтарда иштешкендери, дипломдорду кайсыл окуу жайларынан качан алгандары, ага конкреттүү күнөөлүүлөр кимдер экендиги   толук ачыкка чыгарылып, интернет, маалымат каражаттары  аркылуу элге жеткирилиши зарыл. 5-10 миң сом пара алгандардын аты-жөндөрү ошол замат ачыкка чыгарылат, ал эми элди, мамлекеттик алдап,  бюджеттен мыйзамсыз жүз миңдеген, мүмкүн миллиондогон сомдорду алгандар эмне үчүн жашырылышы керек?

Ал жасалма дипломдорду кимдер беришкен? Учурга карата Ж.Баласагын атындагы КУУ 28 (ушул окуу жайдын чыры таптакыр азайбады, кайда болбосун биринчи болуп жүрөт), К.Скрябин атындагы КУАУ 11, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт университети 5, И.Арабаев атындагы КМУ 5, Н.Исанов атындагы КМКТжАУ 3, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы 2, Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы 2, ОшМУ 2, ЖАМУ 4,  К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 3 жасалма диплом сатканы шектелип, текшерилүүдө. Башка ондон ашык ЖОЖдордон бирден-экиден диплом сатылганы аныкталып жатат. Алар да текшерилип, түздөн түз конкреттүү  күнөөлүүлөр өз жазаларын алуулары зарыл. Анткени, жасалма дипломдорду саткандардын көпчүлүгү азыр деле ЖОЖдордо окутуучу, жетекчи болуп иштеп, дагы башка былык-чылыктарды жасап жүрүшкөндөрүнөн шектенбесе да болот.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити