- Сизди маекке чакырганыбыздын себеби, акыркы учурда КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата сын-пикир айтып жатасыз. Бул боюнча президентке да кайрылуу жолдодуңуз. Чыр эмнеден башталды?

- Бул өзү кичине эле чарбалык маселе болчу, “Чубактын кунундай” чубалжып кетти. Эмне себептен министр муну чуулгандуу ишке айлантып жибергенин өзү эле айтпаса, ал кишинин ичине кирип чыкпагандан кийин мен айта албайт экем. Мен болгону акыйкаттуулукту гана талап кылып жатат. Иштегенибиз көрүнүп турат, бир эмес эки жолу көз карандысыз экспертиза болду. Министр өзү демилге көтөрүп, кылган ишибизди жайдын ортосунда карап чыккан. Ошончо жыйынтык болуп жатса дагы, андан тышкары компаниямдын атынан көз карандысыз эксперт жалдап, смета түздүрүп, аны Мамлекеттик курулуш жана агенттигине бекиттирсем да ушул ишти кылды.

- Башынан айтып берсеңиз, кайсы иш, талаш эмнеден чыкты?

- Баары жакшы тилек менен башталган болчу. Токмоктогу Чүй өрөөнүндөгү “ковиддин” талабына жооп берген жалгыз оорукананын оңдоо иштерин биздин компания бүткөргөн. Ачылышында Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугуп сүйлөшүп калдым. Кийин сүйлөшүүнү Бишкектен уланттык. Ошондо президент Садыр Жапаровду сөзгө кошуп, бир мүнөттө атын он жолудан кайталап жатты го дейм. Мага Бишкектеги Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Улуттук госпиталдын карамагындагы “эски урология” деп аталат экен, подвалы менен 4 кабат болгон имаратты оңдоп берүүнү сунуштады. Жалпы аянты 4 миң 464 чарчы метр. Мен Садыр Жапаровдун атын уккандан кийин дароо макул болдум. Иш Улуттук госпиталдын тиешелүү кызматкерлеринин, Технадзор дегени бар экен, анын өкүлдөрү, бөлүм башчыларынын катышуусунда, ар биринин сунушун, каалоосун эске алуу менен башталды. Ар бири кабаттардын пландарын айтып, ар бир палатанын, кабинеттин, операциялык блоктун эмне максатта колдонулаарын планга жазышып, госпиталдын башкы дарыгери Токтобаев Маанаев кол коюп берди. Баары мыйзам чегинде документтештирилди.

 - Менин билгениме караганда, сиздин курулуш компания “Капитал Билдинг ЛТД” деп аталат, Улуттук госпиталдын эски урология корпусунун оңдоо иштеринин 80 пайызын жасагансыздар. Ага канча каражат кетти, аны мамлекет төлөп бериши керек беле?

- Каражатты эмнеге албай калганыбыздын себебин эми түшүнүп келатам. Алымкадыр Бейшеналиевдин башынан эле оюу бузук болгон экен, көрсө. Ал боюнча кимге гана кат жазбадым, алардын баарынын көчүрмөсү папкада сакталуу турат. Улуттук госпиталдын да башкы дарыгерине кат жаздым. Бирөөсү да жооп берген жок. Жок дегенде “кат жазууга укугуң жок” деп коюшса, жооп катары кабыл алмакмын да.

Кеткен каражат боюнча айтсам, 67 миллион сомдун тегерегинде короттук. Анын ичинде бир катар материалдарыбыз ызы-чууда талкаланды. Ишибизди аяктай электе эч кандай эскертпей туруп, күчкө салып чыгарып коюшту да. Ал жерде толтура курулуш материалдары бар болчу, краска, шпаклевка, айнек, эшик, кафель ж.б. Биз ташып кеткиче сыртта туруп калып, жамгырда көбү жараксыз болуп калды. Иштеп жаткан кезибизде оорукананын жетекчилиги, министрлик тарабынан эч кандай эскертүү болгон эмес, жасаган ишибизге нааразычылыктарын билдиришпеген.

- Ошондо министр сиздерден объектини алып, башка компанияга берип койдубу?

- Өзүнүн баласынын компаниясына тартып алып берип койду. Мен калп айтсам, билгендер айттырбайт, эмгек жамаатыбыз Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде прокурор келип текшерип жаткан болчу. Анын көзүнчө министр “Менин балам силерге акчасын төлөп берип коет. Бирок Бекбол (мени баары Бекбол дешет) менен Асанга (орун басарым) бир тыйын берилбесин, калгандарына тыйыны төлөнөт. Көп болсо, 30 миллион сомдур, бул мага акча эмес. 15 миллионду Бекболуңарга берип койгом”, - деди. 15 миллион сомду бергенин кагаз менен тастыктап бербейби, бул жерге кол койгонсуң, баланча киши күбө болгон деп.

 - Жыйынтыгында, жумуштун 80 пайызын сиздер жасап, а башка фирма 20 пайызын жасап туруп, 100 пайыз акчаны алып коюштубу? Кайсы мыйзамдын негизинде баласынын фирмасына өткөрүп бериптир?

- Мен өзүмдү мыйзамдуу өлкөнүн жаранымын деп билем. Ошондуктан, бул иште мыйзамдуу жолдун баарын колдонуп жатам. Президентке, 11 депутатка, Акыйкатчылыкка, УКМКнын төрагасына, Акылбек Жапаровго, ИИМ министрине кат жаздым. Мен дагы сиз берген суроонун жообун билгим келет. Эмненин негизинде биздин ишти баласынын компаниясына алып берди? Бизге төлөнчү каражаттар кайда? 80 пайыз чоң эмгек, эмгек жамааттын мээнетин ким кайтарат? Кыскасы, кайрылбаган жерим калбады. Эми көчөгө чыгып эле, мээнетти жегени үчүн деп бензин чачып өрттөнүш керек болуп калды, көңүл бурулушу үчүн. Бир гана Башкы прокуратура арызыбызга көңүл буруп, прокурорун жиберди, ал учурда көз карандысыз эксперт менен иштеп жатат.

 - Буга чейин кандай курулуш иштерин аткаргансыздар. Эски урология корпусун канчалык деңгээлде оңдогонуңуздарды буга чейинки жасаган иштериңиздер менен тастыктоо үчүн айтсаңыз?

- Таластык болгону үчүн мактанып жатат дешпесин, бирок төрт президент менен иштешип, жекеме-жеке сүйлөшүп, мамлекеттик деңгээлдеги жумуштарды аткарып келгем. Акыркы иштеримди айтсам, 2019-жылы ШОС болбодубу, ага чейин Кыргызстан бир убакта 12 президентти кабыл алып көрбөптүр. Журналисттерден эле 400дөн ашуун адам келди. Мынча конокту сыйлаш үчүн ага ылайык имараттар керек эле. Аларды оңдоо иштеринен биз өткөрдүк. Келген коноктордун, журналисттердин бири да жасаган ишибизден өөн табышкан жок. Эгерде бир жерин туура эмес кылсак, сөзсүз айтылмак да мамлекет уят болуп калды ушул компаниянын айынан деп.

 - Резиденцияда салынган жаңы имараттардын баары сиздин колуңуздан чыгыптыр да.

- Баары десем жаңылыш болуп калат. Курманбек Бакиевдин убагында конок үйлөр салынды, бирок жылдан жылга алар учурдун талабына жараша реконструкция болуп турушу керек, биз ошону жасап жаттык.

- Эски урологияга жасалган 80 пайыз иш боюнча сын айтылган эмес беле?

- Жок. Мен мынча каражат калды, ушуну бөлүп берсеңер, бүткөрүп берели, калганын күт десеңер күтүп турабыз дегем. 23-февралда иштеген балдар келиптир, майрамга карата аванс болуп калабы деп үмүт кылышты да. Мен аларга майрамдык тамак уюштуруп берип кетип калгам. Көрсө алар эки журналистти чакырган экен. Аларга өздөрүнүн оюн айтып беришиптир. Ага чейин министр да, башкы дарыгер да мени кабыл албай, ал турмак министр “мен аны тааныбайм” – дегенге чейин барган да. Балдар болсо министр тааныбаса, анда сүрөтүн илип коелу дешип, мага айтышпастан министр экөөбүз түшкөн сүрөттү Москва жана Логвиненко көчөлөрүнө илип коюшуптур. Аны мен деле министрдей эле эки күндөн кийин билип жатам. Анан эле кароолчу чалып калды, милиция келди деп. Келсем Саламаттыкты сактоо министрлигинин он чакты өкүлү жүрөт, оорукананын завхозу бар, көзүмө тике карай албайт. Билип жатат да туура эмес кылып жатышкандардын, буйрукту аткарып атышпайбы. Мен жасалып бүткөн ишти өткөрүп бермейин чыкпайбыз деп баштадым. Келишимди сурасам, түн ичинде мурдагы дата менен жанталашып жаза коюшту. Эки жактан тең кароолчу турсун дедим. Алымкадыр Бейшеналиев кыязы, өзүнүн жеке кайтаруу компаниясы бар го, зыңкыйган жигиттерди кароолчулукка алып келди. Мен мынчалык бай дарыгер барын башта-кийин укпаптырмын. Андай кайтаруучуларды жалдоо арзанга түшпөсө керек.

- Сиз таластыкмын дедиңиз, буга чейин министр таластыктардын дарегине одоно сын айтып алган эле. Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда жеке келишпестик жаралганбы же жердигиңизге карап куугунтук болуп жатабы?

- “Ал да таластык, ал да аферист”, - деп айтып алды министр. Кыязы, жердигимде кеп бар го. Акча бербей жатканына, объектини тартып алганына да таластык экеним себеп болгондур.

 - Биздин колубузда кат турат. Алымкадыр Бейшеналиев сизди мыкты адис, эмгек сиңирген куруучу деп мактап, президентке кат жолдогон экен. “Алтын балалык” комплексин курууну сизге ишенип тапшырууну сураныптыр. Курулуш 20 миллион доллардын тегереги болот деп бааланыптыр, бирок сиз 12 миллиондун тегерегинде бүтүрүп берем деген экенсиз. Президент макул болуп кол койгон экен. Ал долбоордун тагдыры эмне болду?

- Мен суммасын так айтып берейин, комплексти 12 миллион 524 миң 780 долларга бүткөрүп берейин дегем. Эми аны бизден тартып алгандан кийин министр башка баага өткөрүүнү каалап жатат. Баанын кымбатташы себеп болуп жатса, башка компанияларга да ошондой теңдик менен карашы керек эле да. Эгер Бейшеналиев: “Бекболдон тартып алгандан кийин баа кымбаттап кетти, эми башка сумма болушу керек”, - десе, коюп койсун, мен дагы эле убада кылган суммада бүткөрүп берүүгө даярмын. Менимче, ушул сумманы көргөндөн кийин бул кишинин ниети бузулуп кетти окшойт.

- Тийиштүү жактарга чындыгымды жеткире албай жатам дедиңиз. Сизге эркин микрофон.

- Өндүрүш Токтонасыров деген аксакал жалгыз пикетке чыга берет эмеспи. Башында аны жактырчу эмесмин, тынч эле отурбайбы деп. А азыр түшүнүп жатам. Көрсө, жетер жерине жеткиришиптир да. Мен дагы “Президент жана бомж” тасмасындагыдай болуп, моюнума плакат илип алып, Садыр Жапаров өтчү жолдон ары-бери басышым эле калды. Кеп каражатта эмес, мага төлөнгөн-төлөнбөгөнүндө эмес. Кеп акыйкаттын жабыркап жатканында. Акыйкатсыздык жугуштуу болот, бул сапар унчукпай койсок, эртең башкалардын башына келет. Балким, Садыр Нургожоевич иштин чоо-жайынан жакшы кабардар болбой жаткандыр, туура эмес маалыматтарды жеткирип жатышкандыр. Мен үчүн күйүп, туура маалымат жеткире турган жогору жакта жакындарым да жок. Ошондуктан, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден мени кабыл алып коюшун суранам. Мен кызмат сурап кайрылып жаткан жокмун, калыстык үчүн, карапайым элдин мээнетин, жашоо-шартын күн сайын көрүп жаткан адам катары адилеттүүлүк издеп кайрылып жатам. Мен үчүн болбосо да, эмгек жамаатым үчүн кабыл алып коюңуздар.

Маектешкен Нургазы Анаркулов, Булак: "Майдан. kg" гезити