Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

Бишкек шаарынын мэриясы Ноорузга карата майрамдык иш-чаранын программасын жарыялады. 21-март күнү эртең менен саат 10:00дө борбордук "Ала-Тоо" аянтында театрлаштырылган оюн-тамаша жана ата мекендик эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа башталат. "Ынтымак-1" сейил багында шаардыктар үчүн мастер-класстар уюштурулуп, салтуу кийимдер көрсөтүлөт. Ошондой эле чыгармачылык топтордун концерти өтөт. "Ынтымак-2" паркында улуттук тамак-аш, суусундуктардын, кийим-кечелердин жана декоративдик-прикладдык искусствонун көргөзмөсү уюштурулат. "Ден соолук" сейил багында түрдүү спорттук иш-чаралар өтөт.

Булак: apta.kg