Печать
Категория: Коом
Просмотров: 94

Адамдын кадыр-баркы ээлеген кызматы, минген кызматтык унаасы жана отурган креслосу менен бааланып-баркталган биздин коомдо чиновниктердин орду өтө жогору эмеспи. Андыктан тигил же бул бошогон жетекчилик орунду ээлегиси келгендер да көп болот. Ушундай майлуу кызматтардын бири болгон Акыйкатчынын орду да 5-6 айдан бери бош турат.

Жогорку Кеңештин фракциялары да бул кызматка өз талапкерлерин сүрөй баштады.  Ушул жумада Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети акыйкатчылыка Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов, Бакытбек Узенбаевдин талапкерлигин жактырды.

Турсунбек Акундун талапкерлигин "Ынтымак" фракциясы, Маматурайым Момунов менен Бакытбек Узенбаевдин талапкерлигин "Ыйман Нуру" фракциясы көрсөтүүдө.

"Ыйман Нуру" андан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, жарандык активист Атыр Абдрахматованын дагы талапкерлигин сунуштады.

22-февралда аталган комитет акыйкатчылыкка Абдрахматованын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушу менен жактырган болчу.

Айрым маалыматтар боюнча, Акыйкатчылыкка татыктуу талапкер катары эл арасында “Комиссар Каттани” деген ысымга ээ болгон кадимки Өмүрбек Субаналиев да сунушталып атыптыр. Мындан тышкары учурда Малайзияда элчилик кызматты аркалап жүргөн Азимбек Бекназаров да уулу Руслан Бекназаровду түртүп, Куала-Лумпурдан Бишкекке ар кайсы шылтоо менен көп каттап, Ак үйдүн “добросун” алууга чуркап жүргөндүгүнөн кабарыбыз бар.

Ал эми Акыйкатчыны Парламент депутаттары тандап, шайлашат. Эми бул талапкерлердин кимиси болсо да миңдеген укугу тебеленип, укук коргоо органдарынан адилеттик издеп жүргөн карапайым элге чын дилинен кызмат кылып берсе экен.

Булак: “Майдан. kg” гезити