Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

Жогорку Кеңештин депутаты У. Ормоновдун демилгеси менен маркумду акыркы сапарга узатууда, аш-тойдо ашкере чыгымга жол бербөө, ири мүйүздүү мал союуга тыюу салынган мыйзам долбоору даярдалып аткан. Бул демилгени президент С. Жапаров да колдоп, тиешелүү документке кол койду.

Мамлекет башчыбыз чыгарган жарлыкка ылайык, кыргызстандыктардын баары: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат.

“Илгертеден бери жалпыбызга белгилүү болуп келгендей, өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет. Жыйынтыгында азыр дагы колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп, жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет”, - деп жазды С. Жапаров соц. Тармактагы өзүнүн баракчасына.

Президент кыргызстандыктарды жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырды.

"Антпесек өлүм чыккан үйдө аза күтүүнүн ордуна казан-казан эт кайнап, табак-табак эт тартылып, той сыяктуу көрүнүштөр болуп жатканы бүгүн да болуп жатат. Ооба, бул Жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. "Маселен, эмне үчүн менин атам 90го чыгып, акыркы сапарга кетип жатса, бир жылкы союп узатпашым керек" дегендер чыкты. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек", - деп кошумчалады ал.
 Садыр Жапаров өзүнүн башынан өткөн бир мисалды айта кетти.

 Ал 2019-жылы тун уулу Дастан каза болгондо айылдан бир туугандары чалып, "үч бодо даярдадык, жетеби" деп сурашканын жазды.

"Мен "кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар» деп, эч нерсе сойдурбай койдум. Алар "алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылышат, сөзгө калабыз" деп, мени ынандырганга аракет кылышты. "Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам" деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип, топурак салып кетишти. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, “ушул туура эле болот экен” деп кеткендер көпчүлүктү түздү”, - деп белгиледи ал.

Ал бардык кыргызстандыктардан жарлыкты колдоп берүүнү суранып, бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтүүгө чакырды.

“Жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам. Жергиликтүү бийликтер: мектептин директорлорунан баштап, участкалык милициялар, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, Президенттин өкүлүнө чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышыңарды талап кылам жана ар бириңер жооп берериңерди эскертем”, - деди Садыр Жапаров.

Булак: “Майдан. kg” гезити