Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

Өткөн жылы апрель айынын аягында Тажикстандын аскерлери өлкөбүзгө куралдуу кол салып, жерибизди басып алып, бейкүнөө жарандарыбызды атып өлтүргөндөн кийин кыргыз бийлиги чек ара маселеси такталганга чейин карым-катнашты толук токтотуп койгон болчу. Демек, дээрлик бир жылдан бери кыргыз-тажик чек арасы  жабык. Мындай “экономикалык блокададан Тажикстан, өзгөчө кошуна Согди облусунун экономикасы көбүрөөк зыян тартып, дыйкандары өндүргөн бадыраң, помидор сыяктуу жашылча-жемиштери ирип-чирип кетпедиби. Алардын сырткы дүйнөгө чыга турган жолу бир гана Кыргызстандын Баткен облусу аркылуу болчу.  

Тажикстандын расмий бийлиги менен маалымат каражаттары да 2021-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын өз ара соода жүгүртүүсү эки өлкөнүн экономикалык кызматташттык тарыхында эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүн моюнга алды.

Ал эми Согди облусунун Статистика башкармалыгынын директору Накхат Хакимзода Кыргызстан менен соода жүгүртүү былтыр 25,1 млн долларды түзгөнүн, анын ичинен 3,3 млн доллар экспорт, 21,8 млн доллар импорт экенин билдирди. Ал бул сан Кыргызстан менен соода төмөндөп кеткенин айгинелеп турганын белгиледи.

Согди облусунун бажы башкармалыгын башчысы Бахром Исматуллозода да  жаңжал эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына каршы келерин айтты.

“Бул Тажикстан үчүн да, Кыргызстан үчүн да пайдалуу эмес. Экономикалык көз караштан алганда өткөн жылы кандайдыр бир белгилүү көрсөткүчкө ээ болгон жокпуз. Мыйзамсыз ташуу фактылары да белгилүү бир деңгээлде кыскарды. Чек ара жабык кезде бир дагы аткезчи буга даабайт”, - деди ал.

Кыскасы, тажик президенти түркөй, кыска ойлуу жана агрессиялык планы менен бүтүндөй мамлекетинин элин сызга отургузуп салгандыгын, эгер чек араны тезирээк чечип, ынтымакка келбесе, быйылкы жылы карапайым тажиктер мындан да жаман каатчылыкка туш болушарын түшүнүшү керек...

Булак: “Майдан. kg” гезити