Жакында саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиев реформа медициналык окуу жайларга да келип жеткендигин айтып, алардын талапка жооп бербегендери же клиникалык базасы жоктору жабыларын билдирген болчу. Өткөн жумада саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, 12 окуу жай талапка жооп бербейт деген чечимге келди.
Комиссия 15-мартка чейин дагы беш медициналык окуу жайды текшерет. Министр А.Бейшеналиев өлкөдөгү медициналык коллеждер да текшерилерин билдирди.
Министр Кыргызстанда жалпы медициналык 24 билим берүүчү окуу жай бар экенин, эгер 1-апрелге чейин алар профессордук-окутуучулар курамын жана клиникалык базасын талапка ылайык келтирбесе, лицензиясы алынарын белгилеген. Бейшеналиев жабылышы мүмкүн деген 17 медициналык окуу жайынын тизмесин жарыялаган болчу.
Кыргызстанда соңку жылдары ачылган медициналык окуу жайларда көбүнесе Пакистандан, Индиядан келген студенттер билим алышат. Мындан сырткары коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген студенттер да бар. Өлкөдө медициналык багытта 28 миңден ашык чет элдик жаран билим алат.
Балким, талапка жооп бербеген, базасы жок, теориялык гана билим берүү менен чектелген медициналык бул окуу жайларды жабуу туурадыр. Бирок бир чети аларда негизинен чет элдик студенттер билим алышарын, демек өлкөбүзгө чоң суммада билим аркылуу инвестиция тартылып жаткандыгын эске алып, кемчиликтерин оңдоого бир жыл, жарым жыл убакыт берүү туура болуп жүрбөсүн...
Булак: “Майдан. kg” гезити