- Надира Азимовна, жакында президент маркумду акыркы сапарга узатууда чыгымдарды азайтуу боюнча Жарлык чыгарды. Ал коомчулукта талкууланып жатат. Кээ бир кишилер “ушунча кадыр-барк топтом жүрсөм, анан эртең өлүп калсам, бир жылкы сое алышпайбы”,- дешип, айтор резонанс болууда. Сиздин пикир кандай?
- Мындай Жарлык дагы кеч чыкты, буга чейин эле чыгышы керек болчу. 2021-жылдын январь айында президент 6 Жарлык кабыл алган. Биринчиси, адамдарга руханий азык берүү, ошол эле мезгилде улуттук каада-салт, нарк-насилди өркүндөтүү багытында болчу. Бирок ошол Жарлыктын жайбаракат аткарылбай жатканы, тиешелүү иштердин жүргүзүлбөгөнү, улуттук идеологиянын бүгүнкү күнгө чейин кабыл алына электиги, жер жерлерде вертикалдуу башкаруу жаатында президентти канааттандыраарлык иштер жүргүзүлбөгөнү президентти кайрадан Жарлыкты майдалап чечим кабыл алууга түрттү окшойт.
Адам нарк-насилден, каада-салттан тышкары жөн эле эрегишүү, “каргага теңелип каздын буту сыныптыр” дегендей, бирөөгө атаандашып жашабашы керек да. “Эл эмне дейт” эмес, эмнеге мүмкүнчүлүгүң жетет, өзүңдүн шартыңа, эмнени каалап турсаң ошону аткарып жашай бериш керек. “Эл эмне дейт?”- дегенди коюш керек, ачка калсаң эл нан бербейт, жылаңач калсаң кийим бербейт. Жардам берсе боору ачып бир жолу береттир. “Алыбай алына жараша” дегендей, бирөөгө көралбастык кылсаң, ичиң тарыса эле анын ордуна барып отуруп калбайсың. Той-топур өткөргөндө да ар ким өзүнүн шартына жараша өткөрө бериши керек. Президентибиздин чечими эң туура, аны ар тараптуу караш керек. Эми президенттин чечимин жергиликтүү бийликтер элге жеткириши керек. Ашыкча чыгымдан качып, ага кеткен каражатка андан көрө короо жай иштетип, мал багып, тоок көбөйткөн жакшы эмеспи. Өздөрүнүн, балдарынын келечеги үчүн пайдалуу нерселерге жумшап, бак тигип, үй куруп, билим алышсын. Илгертен эле тойлор болуп келген. Бирок анда оюн-зоокко басым жасалчу. Келгендерди сыйлоо иретинде мал союлса союлгандыр, бирок бүгүнкүдөй ысырапкерчилик болгон эмес. Азыр өлүм менен тойдун айырмасы болбой калды. Өздөрү жеп, артканын пакетке салып кетишет. Ошол пакеттеги тамак деле желбейт, ыргытылат. Өзүн көрсөтөм менен дасторкон жасаштын кереги жок. Сооп иш кылгысы келсе, көзү өткөн атасынын же апасынын атынан ФАП куруп кой. Атасынын атын жаздырып койсун. Күнүнө ден соолугун оңдогусу келген канча адам кирет, ар бири жок дегенде “атаңа ырахмат”, - деп чыгышат.
Ал эми ушунча бала чоңойтуп, бир согумга арзыбаймынбы деген нааразычылыктар боюнча айтсам, ар бир айыл өзүнүн шартына жараша жобосун иштеп чыкса болот. Мүмкүнчүлүгү болсо согум сойсун, жок болсо кыйнаба. Алыстан келгендерге чай уюштуруп койсо болот. Бирок көтөрүп кеткенди токтотуш керек. Көтөрүп кеткендер үчүн эле дасторкон ашыкчасы менен жасалат, “эл алып кеткенден кийин дасторкон бош калбасын”, - дешип запаска камдашат.
Анан дагы өлүм-житим же той-топурда болобу элди кафе-ресторанга чакырыштын кереги жок. Үйдө дасторкон даярдалса, дубасы да, сообу да үйдө калат. Накта салт менен сүйлөшө турган болсок, үй той болобу, сүннөт тойду, ошол үйдө, ошол үйдүн идиштери колдонулуп, бата алынганы туура эмеспи.
Булак: "Майдан. kg" гезити