Совет Жайлобаевичтин көзү өткөнүн бүгүн окуп алып бүт үй-бүлөбүз менен терең  кайгырып отурабыз, жаткан жериңиз жайлуу болсун, топурагыңыз торко болсун. Кыргыздын эң мыкты физиги, чыгаан уулу, дүйнөгө атагы чыккан билим адамынан ажыраптырбыз. Совет доорунун жана Американын эң мыкты билим адамы академик Сагдеев  менен Вашингтондо жолугушканыбызда, баарлашып калсак: "Совет Жайлообаевич Токтомышев кандай жүрөт, аны сактагыла, коргогула, ал эң мыкты физик, экинин бири", - деп салам айтып бар деп суранды эле. Салам дубайды ээсине жеткирсем, абдан ыраазы болду эле. Карасаңыз сактай албай, коргой албай калганыбызды...

Маркумдун жубайы Светланага, кызыңызга, неберелериңизге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. 


Рамазан Дырылдаев, Гүлмира, Токомбаева, Алмаз Дырылдаев