Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Токтогул райондук прокуратурасы Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысын аныктаган.

Токтогул айыл өкмөтүнүн 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги жалпы 0,24 га жер аянтын ээлеген гараж Т.И. аттуу тургундун жеке менчигине берилип кеткен.

Райондук прокуратуранын сотко келтирилген доо арызы менен 3 млн 195 миң сомдук бул кыймылсыз мүлк мэриянын менчигине кайтарылды.

Булак: maralfm.kg