Печать
Категория: Коом
Просмотров: 341

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек ара аймагынын тургундары менен болгон жолугушуусунун видеосу соцтармактарга жарыяланды. 

 Анда УКМК башчысы тажик тарап менен сүйлөшүүлөр боюнча Капчыгай аркылуу Ворух анклавына жол ачып берүүгө макул болушаарын, бирок бир шарт менен -  Кыргызстан чек араны толук кандуу делимитация жана демаркациялоону талап кылаарын билдирген. 

"Ачык айтайын, Тажикстандын биринчи жана башкы талабы - бул Ворух анклавына жол салууга мүмкүнчүлүк бергиле деп жатышат. Биз айтып атабыз, ооба, туура  2021-жылдын 1-майында №39 проткол менен жазганбыз, Капчыгай аркылуу Ворухка жолду берели, бирок ал жолду биз курабыз деп. Президент да айтты: "Жол курганга акчабыз бар, мүмкүнчүлүк бар, биз жолду куралы, ал жерде 40 миңдей адам жашап атса, аларды өтпөйсүң деп тосуп койгон болбойт. Капчыгайдын четинен берели жолду. Бирок чек ара баары бүтсүн, кантип атайсыңар, ал силердин ишиңер, баары бүтсүн", - деди.

Кайсы жерде бүтпөй аткан болсо, эл менен талаш-тартыш болуп калса, сөзсүз түрдө эл менен сүйлөшүп кайсы бир деңгээлде орто чечимди кабыл алабыз. Чек ара маселеси бир жактуу чечилбейт, же кыргыздарга же тажиктерге ыңгайлашпайт. Кулунду, Интернационал, Арка, Максат жана Борбордук айылдарын билесиңер, ал жак чечилгенден кийин бул жакка келебиз. Көк-Терек, Орто-Боз, Таш-Тумшуктун маселеси турат, бул жакта да маселе көп, аны да чечишибиз керек. Ушунун баарын иреттеп койбосок, жаңжал боло берет экен", - деди Камчыбек Ташиев.