Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикирин билдирди. 

- Бир нерсеге ынандым: тажиктер менен чекараны аныктоо процесси көпкө созулгудай! Алардын стратегиясы бара-бара түшүнүктүү болуп келатат: улам бир жанжалды чыгарып, Ворухка коридор ачуу экен! Биздин сүйлөшүүлөргө барганыбызды, жакшы, кошуналык мамиледе жашайлы деген аруу ниетибизди алар туура эмес түшүнүп атышат көрүнөт! Бул алсыздыктын же коркуп кеткендин белгиси эмес, урматтуу кошуналар! Антип ойлосоңор терең жаңылышасыңар, ар бир чыдамдын да чеги болот.

Мурунку жанжал менен кечээги жанжалдын эң чоң айырмасы эмнеде болду? Кыргыз аскерлери, чек арачылары күчтөнүп калганын, катуу "ответка" берээрин тажиктер да көрүп, сезип, түшүнүштү окшойт! Чын эле ошондой...

Ушундан улам, өкмөттүк сүйлөшүүлөр кандай нукта,канча убакыт жүрбөсүн, ал жердеги куралдуу күчтөрдү күчөтө бериш керек экен! Жергиликтүү баатыр калкты ар тараптан, өкмөттүк деңгээлде колдой бериш керек экен!

Ошондо гана кошуналар ийкемдүү болуп калгыдай! Болбосо, адыраңдай беришчүүдөй!