Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун менчиктештирип алган дейт министр Алымкадыр Бейшеналиев. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттардын бирине билдирген.
Анда ал БНИКТОну академик Сабырбек Жумабеков өз менчигине айландырып, тааныштары менен жакындарын орноштуруп алганын айтып кайрадан мамлекетке кайрып бере турганын ачыктаган.
“Эми элдин баары БНИКТОнун директору Сабырбек Жумабековду маселенин тереңдигин билбей туруп коргошот. Кайра түзүүнү академик Сабырбек Жумабеков гана соттойт. Мен команда менен жолугуп, баары таразалап чыктым. Ал жерге өзүнүн досторун, туугандарын ж.б.у.с. гана койгонун билем. Жумабеков оорукананы менчиктештирип алган. Муну эл айтып жатат. Кечээ Жумабековдон: «Сизди директор кылып ким дайындады?» деп сурасам, ал Иса Өмүркулов койгонун айтты. Ошондон кийин ал өзүн директор кылып койгон экен, орун басарларды, бөлүм башчыларды өзү дайындаган экен. Мен: “Кимге отчет бересиң, өзүңдү кызматка койгондон кийин өзүңдү иштен ал, Саламаттыкты сактоо министри катары мен сени кызматтан ала албайм, анткени сени мен дайындаган эмесмин-дедим. Баары ал жөнүндө ачык айтуудан коркушат. Бирок мен коркпойм. Мен Кыргызстандын элинин ден соолугун сактоо тармагын иретке келтиргим келет. Эми Жумабековдун бардык тааныштары, мурдагы депутаттар, мурдагы министрлер, академиктер – баары мага каршы чыгышат. Алар Жумабеков менен Бейшеналиевдин ортосунда тирешүү бар деп ойлошу мүмкүн. Бирок мен Кыргызстандын саламаттыгына жооп берем.Саламаттык сактоо министрлиги акча төлөйт,Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору аталган борборго акча төлөйт. Мага кол салуу да болушу мүмкүн бирок мен андан коркпойм. Чындык кайсы тарапта экенин эл билет. Мен эл үчүн иштейм. Анан өзүм үчүн иштесем академиктер, коррупционерлер, башкы докторлор, директорлор айтор баары менен дос болуп алмакмын. Алардан тартуу алып отура бермекмин. Бирок мага белектин да паранын да кереги жок. Саламаттык сактоо министрлигинен жылына 4-шаардык оорукананы кармоого 149млн бөлөбүз. Акча кайда кетти белгисиз. Адилеттүүлүк орнош керек. Жумабеков Аскар Акаев менен тааныш болчу. Андан кийинки президенттер менен да коюн – колтук алышып жүрдү. Алардын туугандарына же тааныштарына операцияны бекер жасады », – деп билдирет Бейшеналиев.
Бул боюнча академик Сабырбек Жумабеков жооп кайтара элек.
Булак: argument.kg