Печать
Категория: Коом
Просмотров: 201

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев 2020-жылы 2 миллион 215 миң 787 сом иштеп тапкан. Бул тууралуу декларациясында белгилеген. 

Ошондой эле, 3 миллион 744 миң сомдук жылкылары, ири мүйүздүү 2 миллион 280 сомдук малы, майда мүйүздүү 1,3 миллион сомдук малы, Lexus GX 470 үлгүсүндөгү автоунаасы, депозиттик жана сактоо сертификаттары бардыгын белгилеген. 

Ал эми жакын туугандары 270 миң сомдук киреше табышкан. Алардын карамагында 2 жер тилкеси, 600 чарчы метрлик үйү бар. 

Эске салсак, 2020-жылдын июнунда Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. 

Тергөө анын ар кайсы мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алганын, аларды туугандарына каттаганын аныктаган. Мүлктөрдүн баасы 70 миллионду чапчып, расмий кирешесинен алда канча ашып түшкөн.