Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, саат 14.00дө Жогорку Кеңештин жыйынына келээри маалым болду. Аны депутаттар жыйынга чакырууну чечишкен. 

Депутат Нурлан Шакиев 31-январда Камчыбек Ташиев ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитетинин жабык жыйынында №39 протоколу тууралуу кеңири айтып бергенин жана бул коомчулукта учурда талкууланып жатканын белгиледи. 

"Айрым саясатчылар, активисттер маалыматты бурмалашып башташты. Ошондуктан, Камчыбек Ташиевди жыйынга чакыралы, баарын кеңири түшүндүрүп берсин. Коомчулукка дайын болсун", - деди Шакиев.