Тажикстан менен чектеш кыргыз айылдарынын тургундарынын санын көбөйтүү керек. Мындай пикирин депутат Нурлан Ражабалиев билдирди. Эске салсак, депутат №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган жана жакында ЖКнын "Элдик" депутаттар тобу менен Баткен облусунда иш сапарында болуп келген.
“Коңшу Тажикстан менен чектеш айылдарда калктын санын көбөйтүү башкы зарылчылык. Болбосо, жаңжалдуу жагдайлардан кооптонгон эл көчүп, жер которууга аргасыз болуп жатканын жерине барып көрүп, кабатырландык. Суу тартыштыгы да талылуу маселе. Бул багытта жок дегенде, бургулоо жолу менен алынган сууларды чыгарганда турмуш – тиричиликти жөндөөгө жөлөк болмок эле. Айланып өтмө жолдордун алымсындырбаган абалын да арабөк таштоого болбойт.
Калкынын саны калың жыш жайгашкан айылдардагы ооруканалардын тартыштыгы, күйүүчү майлардын жетишсиздиги, унаалардын убайымга салган учурлары да убагында унуткарылбай чечиле турган маселелерден", - деди депутат.
Айтымында, мектеп окуучулары тажик аймагын аралап өтүшөт. Мурда автоунаа өтүүчү жолду тажик тарап кыскартып өзүмдүк кылып алган. Ошол жерге барганда мектеп окуучулары чуркап өтүшүп, анан коопсуз жерге жеткенде басып калышат экен.
Ошондой эле, депутат чек арага жакын жайгашкан айылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрүн ачууну сунуштады. Айтымында, курулушу башталып бирок акырына чыкпай турган мектептер бар, ал эми мектеп окуучулары мектепке учурда тажик айылдарынан өтүп барууга аргасыз.
“Чек ара тилкелери зым менен тез арада тосулууга тийиш”, - деди ал.