Көпчүлүк үчүн акчанын табияты оңойдой сезилет- иште, айлык ал, бир айлык чыгашаларыңа бөл дагы, тынч жашай бер. Бардык эле адамдар айлыгынан бир аз болсо да ашырып, сактап коюуга аракеттенишет, бирок аны баары эле ишке ашыра алышпайт. Акчаны акыр аягына чейин коротуу көп факторлор менен байланышкан, бул демек, каражатты иштеп тапкандай эле туура коротуу да кыйын экенинин белгиси.

Адам комфортто жашагысы келсе, биринчи кезекте каржылык эркиндикке жетиши керек. Ага жетүүдөгү башкы тоскоолдук -  жашоо образындагы инфляция, бул кимдир бирөөдө жогору болсо, кимдир бирөөдө ылдый, бирок  бардык адамда сөзсүз кездешет.

Инфляция –бул кайсы бир убакытта товарларга же тейлөөлөргө болгон баанын жалпы деңгээлинин көтөрүлүшү. Экономикадагы инфляция акчанын күчү кеткени менен байланыштырылат.

Жашоо образындагы инфляция адамдын кирешесинин өсүшү менен чыгашасынын да көбөйүшүнөн келип чыгат. Ал рыноктогу кырдаалга окшош. Болгону бул жерде өзүн өзү каржылоого “баанын” өсүшү жана “сапаты мыкты болгону үчүн кымбат төлөдүм” деген философия роль ойноп жиберет. А чындыгында, адам сапатка эмес, белгилүү бренддин этикеткасына акча төлөгөн болуп чыгат. Жыйынтыгында, алынган буюм киреше дагы, кубаныч дагы тартуулабайт. Ушинтип биз тапкан акчабызды куру бекер коротобуз. Анан жашоо образындагы инфляция башталат.

Жашоо образындагы инфляция адамдарды жашоо минимумун төлөгөнгө (эсептерди, тамак-аш жана башка биринчи зарылдыктагы нерселерди) каражаты жетиштүү болсо да, ар ай сайын айлыктан айлыкка чейин деген жашоо циклинде кармайт.

Мисалга студенттик мезгили менен жаңы эле коштошкон адамды алалы, ал  университетти аяктагандан кийин толук кандуу жумушка орношуп, көбүрөөк акча таап баштайт. Студенттик жылдарында аз эле  акча менен жашап келген, бирок каржылык абалы жакшыраары менен мурда ал үчүн кол жеткис болгон буюмдар кадыресе, жашоого керектүү гана болгон буюмдарга айлана түштү. Бул анын чыгашасынын көбөйүшүнө алып келет. Мисалы, буга чейин досу менен батирди чогуу ижарага алчу дейли, колуна көбүрөөк акча тийгенден баштап, бир үйдү жалгыз ээлегиси келип, башка бирөө менен жашаш ыңгайсыз болуп чыга келет. Анан ал өзүнчө батирди ижарага алат, муну менен чыгашасы эки эсеге өсөт, ооба, алган айлыгы ижара акысын, коммуналдык кызматтарды төлөөгө жетет, тамак-ашына да калат. Бирок башка керектөөлөрдөн баш тартууга туура келет.

Кирешеси көбөйгөндөн кийин чыгашасын да көбөйтө бербей, аркан акчасын үнөмдөп, топтоого аракеттенсе болмок. Бирок тилекке каршы, ал  акча топтоону эмес, “комфорт жана өзгөчөлөнгөн” жашоону тандап алды.

Жашоо образындагы инфляцияны кантип азайтуу керек?

Инфляциядан качуу мүмкүн эмес, бирок ылдыйлатууга болот. Ал үчүн төмөнкү кеңештерди кармануу керек.

1. Эсеп менен жашаңыз. Өзүңүздүн бир айлык “керектөө корзинаңызды” түзүп, ошол боюнча сатып алууларды жасаңыз. Баалары сизге ыңгайлуу болгон дүкөндөрдү издеңиз. Сатып алгандарыңыздын баарын эсептеп, жазыңыз, акчаны асманга сапырган болбойт.

2. Эч убакта буюмдарды насыяга албаңыз. Жакшысы, бир канча ай акча топтоп сатып алыңыз.

3. Акча иштеши керек. Инвестициялаңыз, бизнеске салыңыз, билим алууга (квалификацияны жогорулатууга, жаңы кесип үйрөнүүгө, тажрыйба топтоого) жумшаңыз.

4. Акчаны ар кандай ырым-жырымдар көбөйтпөйт. Акчаны оң кол менен алып, сол кол менен бериш керек дегендерге ишенбеңиз. Мындай ыкманын иштеши күмөн. Андан көрө башка вариантты иштетиңиз – кирешеңиздин 10 пайыздан кем эмесин топтоңуз. Албетте, жылдык запасты топтоо үчүн 10 жыл керектелет. Ошондуктан, мүмкүнчүлүк болоору менен "каржы жаздыгыңызга" көбүрөөк сумманы салганга аракеттениңиз.

Булак: "Майдан. kg" гезити