- Мурдагы бийлик башындагылар көз карандысыз журналисттерге, айрым сайттарга өздөрүн жамандап жазбашы үчүн ири мамлекеттик компаниялардан:
- "Кумтөрдөн", 
- "Мегакомдон",
- "Манас" аэропортунан жана башка чоң-чоң ишканалар аркылуу "жемди" (кадимкидей акча бөлүп) берип келишкени белгилүү болгон.  
      
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдер келгени алардын мындай "булактарын" токтотуп салышкан. Башкача айтканда, мамлекеттин,
элдин акчасы өзүнө бөлүнүп, аз да болсо, пенсия, жөлөк пул, айлыктар  көтөрүлө баштаган. 
       
Эми элдин башын АКШнын Мамдепартаментинен "жем" жеген "Азаттык", "Клооп", ошондой эле батыштын проектилери менен күн көргөн "Кактус", "Апрель" дегендер  айландырып алышты. 

Темиров деген эргул деле ошол акырларда "жем" жеп жүрөт. Ошондуктан,  Ташиевди элге жек көрсөтүштүн амалын жасап жатат. Болбосо, эл аралык иликтөө топтору эле Кыргызстандын бийлигин аңдып, Темировго жөндөн жөн эле материал даярдап берип турушмак беле. 

Анча-мынчаны аңдабаган мекендештерибиз эки жакты карап, чын-бышыгын билбей эле, ураалаган бойдон жогоруда аттары аталган, сырттан "жем" жегендердин тилине кирип кеткени өкүнүчтүү болуп турат.

Же мурдагы бийликтен "жем" жеп, көнүп калгандар, эми АКШнын, Батыштын проектилерин сагалай баштаган окшойт да. Айрымдары эбак иштешип, алчусун алып, алардын "камчысын чаап", биздин бийликти жек көрсөтүү иштерин башташты го . 

Карапайым калк , биз алданбайлы! Бекем туралы!