- Абсолюттук бийлик ушинтип кимди болбосун какатат-чакатат.. Кимди болбосун!
"Баарын өзүм чечем, өзүм көзөмөлдөйм, өзүм тескейм!” дегендин арты жакшы болбойт. Бийликти, жоопкерчиликти бийлик бутактарына тең салмактуу бөлүшө тургандай калыс система болмоюн, бирин экинчиси бийликтен алып түшүү ниети улана берет окшоп калды...
Супер-лидерлер абакта жатканда “эл!” деп күйүп, абактан чыгып келип бийликке олтурганда эле, өлөрман шайлоо өткөртүп, өз партияларын түздүртө коюшуп, шайлоодо аларды жеңдиртип, анан парламентке өз байлыгынын амандыгы үчүн бийлик айтканды жасап берчү мажирөө, коркок көпөстөрдү алып келип, “дракон” болуу салты улана берет. Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров - баарындагы окшоштук: бийлик бутактарындагы чыныгы баланстын жоктугу, жеке бийликтин күчтөнүшү. Кыскасы, жеке лидерди туу тутуп, пир тутуп “ушул келсе эле жыргайт элек..” дегенди коюш керек. Чыныгы эркин парламент, чыныгы эркин соттор, чыныгы эркин Борбордук шайлоо комиссиясы, чыныгы эркин КТРК болмоюн ажыдаар-айланкөчөк система кайра-кайра айлана берет.
Жарандык коомдун, журналисттер журтунун күрөшүнүн түпкү өзөгүндө: “Акаев жакшы болчу, Бакиев жакшы болчу, Атамбаев жакшы болчу, Жээнбеков жакшы болчу, Жапаров жакшы болчу..” деген фамилияларга байланышкан тиреш уланчу болсо, мунун түбү да жакшы эмес. Эл, жарандык коом, журналисттер жамааты жогорудагы фамилиялардын баарында ЖЕКЕ БИЙЛИК мандеми бар экенин моюндап, коом мына ушундан арылчу СИСТЕМАга умтулуп бир муштум болуп биригиши кажет. Антпесе, ар келген бийлик БШКны, сотторду, УКМКны, КТРКны, парламентти, өкмөттү өз менчигиндей көрүп, диплом текшермейлер, чөнтөккө бангизат сала коймойлор, журналисттин, акындын колун толгомойлор ойлоп табыла берет…
Айтор, күрөшөлү, бирок эч бир лидерди кумир кылбайлы, кайра-кайра ойноло берип четтери сүрүлгөн эски карталардай болгон баягы лидерлерди “ушул гана татыктуу!!!” деп Айга, Күнгө теңеп бир бирибиз менен кырылышпайлы! Системалык өзгөрүүнү талап этели! Коом канчалык өзүн кийиз-казык сезген сайын, бийликке ким келбесин ал бийликтин токмогу ошончолук чоңое берээрин унутпайлы!