УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кыргызнефтегаз" жана "Кыргыз Петролеум Компани" ишканаларынын кантип иштей турганын маалымат жыйынында түшүндүрдү. Эске салсак, буга чейин Temirov Live каналы аталган ишканалар тууралуу иликтөө жүргүзүп, ага Камчыбек Ташиевди байланыштырган. Тагыраагы, Ташиевге тийиштүү компания ишканалар өндүргөн продукцияны экспорттоого ортомчулук кылып 2 күндө 37 миллион сом киреше тапканы айтылган. 

Ташиев мунайзатты өндүрүү жана кайра иштетүү менен бир гана ишкана - "Кыргызнефтегаз" алектенерин белгиледи. 

"Кыргызнефтегаздын" алдында "Кыргыз Петролеум Компани" бар, бул нефтини кайра иштетүүчү завод. Ал "Кыргызнефтегаз" өндүргөн нефтини кайра иштетет. 

"Кыргызнефтегаз" нефтини өзү өндүрөт, ошондой эле нефти казган 20 чакты кытай компаниялары бар. Кытай компаниялары нефтини кимге болбосун сата алышат. 

 Кытай компаниялары нефтини Токмок нефтини кайра иштетүүчү заводуна, Кант нефтини кайра иштетүүчү заводуна жана жеке фирмаларга сатышат. 

Жеке фирмалар нефтини сатып алышат дагы "Кыргыз Петролеум Компаниге" кайра сатышат. Жыйынтыгында продукциянын үч түрү чыгарылат. Алар: 

1. Бензин - 15 пайызга жакын. 

2. Дизель - 25 пайызга жакын. 

3. Мазут.

4. Жоготуулар - 1,5-2 пайызга жакын. 

Муну менен эмнени айткым келип атат? Жеке компаниялар нефтини заводко сатышат дагы, кайрадан продукция иретинде кайтат. Бензин менен дизелди өлкө ичинде сатышат. Башка өлкөлөргө сатууга укуктары жок. Алар каалагандай баа коюп сата беришет. 

А мазутту экспорттосо болот. Буга биз сүйүнүшүбүз керек. Экспортту көбөйтүү зарыл. Экспортко кымбат сатылат. Өлкө ичинде 7-8 сомго сатылса, экспортто 20-30 сомго чыгат. Канчалык көп экспорт болсо, ошончолук көп салык түшөт", - деди Ташиев.