"Регион Ойл" деген компания бардыгын 2-3 күн гана мурун уктум. "Кыргызнефтегаз" ишканасына биринчи жолу президент Садыр Жапаров менен чогуу баргам", - деди Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында.
Айтымында, "Кыргызнефтегаздын" мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев чет өлкөдөн билимин улантуу үчүн кеткенден кийин анын ордуна татыктуу жетекчи келген. Ал Ташиевдин жээни болот, бирок кызматка келишине туугандык алака-катыш эмес, кадрдын билими, тажрыйбасы жана дарамети себеп болгон.
"Ал менин жээним. Аны жашырбайм. Өтө билимдүү, ичпеген, чекпеген, беш маал намаз окуган жигит. Ал келгенден бери ишкана карыздарынан кутула баштады, киреше баскычына чыкты", - деди Ташиев.
Ошондой эле, Ташиев белгилегендей, мазут өлкө ичине арзан сатылат. Мисалы, өлкө ичинде баасы 7-8 сом болсо, чет өлкөгө экспорттоодо литри 20-30 сомго чейин жетет. Башкы нерсе - мазут канчалык кымбат сатылган сайын, ошончо кубаныш керек, анткени, мамлекетке көп салык түшөт.
"Менин "Кыргызнефтигаз" менен ишим жок. Мелис Турганбаев бар кезде андан иш кандай болуп жатат, кирешедесиңерби, чыгашадасыңарбы деп гана сурап турчумун", - деди Камчыбек Ташиев.