Бул ишке УКМКнын тиешеси жок. "Альфа" андай жерге барбайт, майда-чүйдө кылмыштар үчүн аларды салбайбыз. Болот Темиров ИИМ тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. 

"Укук коргоо кызматтарына Болот Назаров деген комузчу баланын наркотик колдоноору жана аны Болот Темиров иштеген жерден алып тураары тууралуу арыз келип түшкөн экен. Арыз түшкөндөн кийин ага сөзсүз реакция кылуу керек. Анын үстүнө азыр наркотикке байланып калган жаштар көп. Кармалгандан кийин Болот Назаровдун канынан наркотик табылды, анализ тапшырганда. Болот Темировдукунан табылган жок, ал өзү колдонбочу окшойт. Мен буга кубанып турам, наркотик канынан табылбагандан кийин жазасы да жеңилдейт", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, ал бүгүн түштөн кийин Болот Назаров менен Болот Темировдун баш коргоо чарасы карала турганын, ал эми Темировду үй камагына чыгарып деле тергөө иштерн уланта берүүгө болот деп ойлоорун белгиледи.