Өзгөчө Кыргызстандын азыркы кырдаалында. Белгилүү болгондой, бир нече жылдардан бери уурдап-тоногон аткаминерлер Кыргызстанды дээрлик жылаңач калтырышты да, эч нерсе болбогондой өздөрүнүн адаттагыдай кош стандартын жүргүзүүнү улантышууда... Сөзүбүз куру болбосун үчүн факт менен талдап көрөлү.
ФАКТ
"Кыргызнефтегаз" боюнча. Завод мунайзат продукцияларын жана башка чийки заттарды өндүрүүдөн тышкары нефтини кайра иштетүү менен алектенет. Ишкана бүгүнкү күнү продукциянын үч түрүн чыгарат - бул бензин, дизель, мазут.
КПК компаниясы ("Кыргыз Петролеум Компани"). Жоопкерчилиги чектелген коом. Күйүүчү майдын үч түрүн - дизель, бензин, газды өлкө ичине мыйзамдуу сатуудан тышкары ишкана мазутту (мунай калдыктары) мыйзамдуу экспорттоону жүргүзөт.
"Регион Ойл" жоопкерчилиги чектелген коом. Катуу, суюк жана газ түрүндөгү күйүүчү майды жана ушул сыяктуу продукцияны сатуу менен алектенет.
БАА
Биз билгендей, мазут эң арзан күйүүчү май болуп эсептелинет. Анын эл аралык товардык-чийки зат биржасындагы баасы өткөн жылдын күз айларынан тартып дээрлик 13 пайызга өстү, а ушул жылдын башынан бери 1,5 пайызга. Кыргызстанда мазуттун литри 0,27 доллар турат. Салыштырып көрсөк, Италияда бир литр мазут 1,639 доллар. Түркияда - 0,852 доллар.
МААНИЛҮҮ
Кыргызстанда мазутту бир гана "Кыргызнефтегаз" чыгарат. Ал эми мунай продукцияларынын баасы мунай компанияларынын бардык ортомчулары үчүн бирдей. Мазуттун баасы мындан ары кандай болоорун ортомчу аныктайт - бул анын жеке чечими. Ал 7 сомдон же 27 сомдон сата алат. Башка өлкөлөргө экспорттойт. Бул мыйзамды бузуу болуп саналбайт. Бул кылмыш эмес. Сатуудан түшкөн салыктар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казынасын толтурууга кетери маанилүү.
СӨЗ КЕЗЕГИ КЕЛГЕНДЕ
Эгер буга чейин КПК ("Кыргыз Петролеум Компани") жылына 40 миллион сомго минус менен чыгып келсе, 2021-жылды 200 млн сом таза киреше менен жыйынтыктады. Айырмасын сезип атасыздарбы? Бул эмнени билдирет?.. Туптуура! Коррупцияга каршы күрөш катаалданды. Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүк максималдуу ачык-айкын болду. Сөз кезеги келгенде айталы, кирешенин суммасынан салык алынат, бирок кызматкерлерге айлык акы ж.б. сыяктуу операциялык чыгашаларды жокко чыгарбайт.
СОҢУНДА
Мазут рыногундагы ар кандай кырдаал - рыноктук факторлордун кесепети болуп саналат. Башкача айтканда бул олуттуу кырдаал. Temirov LIVE тарабынан жасалган талдоолорду жыйынтыктайлы. Бул өз позициясын иштеп чыгууга аракеттенип жаткан деструктивдүү сайт экени талашсыз. Талашып-тартышпайлы. Журналист УКМКнын башчысын дискредитациялоо боюнча деструктивдүү ишин максаттуу жүргүзүүдө. Нааразычылык билдирип турсаң жашоо жеңил болот. Анткени, ар бир адам бакыбат өлкөдө жашагысы келет. Бирок биз элдин ынтымагы - биримдикте экенин унутпашыбыз керек. Баса, психологдор терс ниеттерге шек санай берүү - бул болгону сиздин өзүңүз жана айланаңыздагылар тууралуу жеке ойлоруңуздун көлөкөсү экенин айтышат.